Жакында Чүйдүн Чалдыбар айылында Тажикстандан көчүп келген кыргыздарды опузалап, айрымдарынын терезесин сындырган окуя мени катуу ойго салды. Тилекке каршы, жалпы элдин, улуттун бүтүндүгүнө, биримдигине доо кетире турган мындай чыр-чатактар кийинки жылдары көп кайталана турган болду. Бир караганда баары эси жок балдардын тирешүүсүндөй арзыбаган шылтоодон, күнүмдүк (турмуштук) талаш-тартыштан келип чыккан сыяктанат. Бирок жакшылап көз салган киши мындай осол көрүнүштүн түпкү тамыры…