Коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга арнап, «Элимдин көрөңгөсү» рубрикасын тартуулайбыз. "Азаттыктын" рубрикасынын алгачкы санында Тажикстандын Мургаб районундагы Баш-Күмбөз айылындагы мектеп-интернаттын абалынан кабар алабыз. Ооганстан менен чек арадан болгону 30 чакырым аралыктагы бул алыскы айылдагы мектепке жакында Бадахшан автоном областынын бийликтери жана борбордук тажик өкмөтү жардам көрсөтүп, жазында мектепти оңдоп-түзөп берүүгө сөз берди. Баш-Күмбөз айлындагы мектептин мурдагы башталгыч класстар мугалими Убайдылда…