Тажик өкмөтү Тоолуу –Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдон кошумча киргизилген аскер күчтөрүн чыгарганы кабарланды. Хорогдук активист Улфатхоним Мамадшоева “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, аскерлер чыгарылып жаткан учур тажик мамлекеттик телесинен көргөзүлдү. Хорогдон кошумча күчтөрдүн чыгарылышы - жергиликтүү коомчулуктун расмий Дүйшөмбүнүн алдына койгон талаптарынын бири орундалды дегенди туюндурат. Жергиликтүү саясий активист, Тажикстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын Хорогдогу бөлүмүнүн лидери Алим…