“Манас” университетинин студенттери жана Кыргызстандан келген журналисттер Анкаранын Чубук районундагы кыргыздар менен жолугушту. Түркиянын калкы көп улуттуу. Түрк улутунан тышкары, курттөр, гректер, арабдар, туркмөндөр, татарлар, казактар ж.б. жашашат. Ал эми кыргыздардын саны болсо 10 миңдин тегерегинде экени айтылат. Анын ичинде 3 500 чактысы вандык кыргыздар. Эске сала кетсек Вандык кыргыздар алгач XX кылымдын башында Рахманкул хандын атасы Жапаркулдун…