Сары-кол өрөөнүндө жашаган этникалык кыргыздар азыркы күнгө чейин өз эне тилинде билим алып, маданиятын, үрп-адат, каада салтын сактап келүүдө. Памирлик кыргыздарда нукура каада-салт менен той өткөрүү, элди баш коштурган маанилүү окуя экенин айтып келеттер. “Той өзү абдан гениалдуу нерсе. Той болбосо, элдик оюндар ойнолбосо, адамдар бири-бири менен кандайдыр бир нерселер аркылуу байланышып, бири-биринен ажырай албай турбаса, үй-бүлө курулмак эмес,…