Кыргызстан эгемендик алгандан бери 50 миңден ашуун этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келишкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айгүл Борбугул кызы билдирди. “Негизинен алар Тажикстан менен Өзбекстандан келгендер. Алардын 40 миңден ашууну Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана кайрылман статусун алган. Бирок, сырттан келген этникалык кыргыздар милиция кызматкерлери…