Сиздер менен Данияр кызы Назик. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздер менен Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген кайрылман Эгемкулов Дөңкөбай аксакал тууралуу айтып берели деп чечтик. Кененирээк маалыматты аксакалдын өзүнөн алсак: -Мургаб районунан Хорог деген облусунан 2004-жылы декабрда келгенбиз. Кара-Балтада жашап жүрдүм, балдарым иштейт, өзүм пенсияда 6000 миң сом алам. Балам тракторист болуп иштейт, бир балам үч кызым бар. Кыздарым да…