
Памирдеги этникалык кыргыздарга 50 боз үй жиберилет. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов маалымдады.
Аталган ведомство 50 боз үйдү сатып алуу үчүн 1,9 миллион сомго тендер жарыялады. Адыловдун айтымында, 2014-жылдагы экспедиция убагында памирлик боордоштор жашаганга боз үй жетишсиздигин айтып, бул маселеде жардам берүүнү өтүнгөн. Ооганстандагы Улуу Пами жана кичи Амирге кезектеги экспедиция октябрь айында бармакчы.