Этникалык кыргыздар

Мал чарбасын өнүктүрүү - бул келечегибиз

Мал чарбасын өнүктүрүү - бул келечегибиз

АКТЕД эл аралык уюму бир катар жылдардан бери тоолуу Мургаб районунун айыл чарбасын, анын ичинде эң негизги тармак болгон мал чарбасын өнүктүрүү боюнча эң керектүү дол- боорлорду ишке ашырып келе жатат. Ошондой инвестициялык долбоордун бири жана эң маанилүүсү «Мургабдагы жайыттарды туруктуу башкаруудагы жергиликтүү чечимдерди кабыл алууну жакшыртуу» боюнча долбоор 2014–2017-жылдарга белгиленип иштер алынып барылган. Аталган инвестициялык долбоорду жыйынтыктоо…

Мургаб чеберлери-Сары Кол көчмөн маданиятынын жарчылары

Мургаб чеберлери-Сары Кол көчмөн маданиятынын жарчылары

Мургаб районундагы ACTED эл аралык уюму, Кристенсен фондунун колдоосу менен 2017-жылдын 23-30-июнь күндөрү Чүй ѳрѳѳнүндө Чункурчак жайлоосунда өткѳрүлгөн “Кийиз дүйнө - көчмөн руху” көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана өнүктүрүүгө карай багытталган долбоорго, Мургаб районунун алты фермердик чарбасынан уз аялдардын катыштырып келди. Долбоордун алкагында, жайлоодо боз үйлөр тигилип, көчмөн жашоо-тиричилиги практика жүзүндө ишке ашырылды. Долбоордун концепциясына ылайык…

Ыраң көл жамаатындагы кош майрамдардан шыр баян

Ыраң көл жамаатындагы кош майрамдардан шыр баян

29-30-июль күндөрү “Жаштар жылына” карата райондук деңгээлдеги “Ардагерлердин VI слёту”, фермарлердин I слёту жана жаштардын волейбол боюнча спорттук мелдеши болгон үч майрамдык иш чаралар Ыраң көл жамаатында болуп өттү. Албетте, ушул элге ишенип тапшырылган иштерди өз убактысында аткаруу менен, эми мааракеге чакырылган меймандарды жакшы тосуп алып, сый-урмат менен кайра узатып, уятка калбасак деген ыраң көлдүктөрдүн жумурай журту 29- июль күнү…

Көп улуттун башын сейил бакта бириктирген шахмат

Көп улуттун башын сейил бакта бириктирген шахмат

Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу багында жылдын төрт мезгилинде тең шахматчыларды көрүүгө болот. Шахматчылардын эң жашы 16 жашта болсо, улуусу 89 жашта. Пенсия курагындагы ар улуттагы шаар тургундары эс алуу үчүн дал ушул жайга баш багышат. Ош шаарынын 80 жаштагы тургуну Абыт Мамышов 3 жылдан бери бул жерге келип, шахмат ойноп кетет. Ал өзү теңдүү санаалаштары менен баарлашканды…

Рахат: Мургабдан келип, калем ордуна кетмен кармадым (видео)

Рахат: Мургабдан келип, калем ордуна кетмен кармадым (видео)

Рахат 17 жашта. Он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын оюнга тойбой турган курагы. Бирок курбулары менен көңүл ачып, кылыктанууга убактысы да, чамасы да жок, бир үй-бүлөнүн түйшүгү анын мойнунда. Рахат Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген кайрылман үй-бүлөнүн таянаар тоосу. Апасы оорудан каза болгондон кийин оорукчан эжесине, эки инисине баш-көз болуу үчүн мектепти да таштаган. Аларды багуу үчүн талаада жер…

“Ак Суу” ГЭСинин курулуш иштери

“Ак Суу” ГЭСинин курулуш иштери

«Дин иштери, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу» боюнча тегерек үстөлүнөн кийин “Ак суу” ГЭС- инин жетекчиси Саидмамадов Асад учурда жүрүп жаткан ГЭС курулушу боюнча толук маалымат берди. Баарына белгилүү болгондой ГЭС курулушу эки жылга белгиленген. Бул курулуш Тажикстан Өкмөтү, Германия жана «Памирэнержи» фирмасы тарабынан колдоого алынган. Ага 8.6млн евро каржы бөлүнгөн. Жалпы курулушка Шугнан районунун «Бунёд», Россиянын…

Страница 50 из 128