Кыргызстанга көчүрүлүп келген Памир кыргыздары Нарындын Куланак айылына жайгаштырылат. Бул тууралуу мекендештерди көчүрүп келүү маселеси боюнча облустук администрацияда өткөрүлгөн жыйында белгилүү болгон. Эскерте кетсек, Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин байырлаган мекендештердин ичинен 33 киши Ата Журтуна көчүрүлүп, бүгүн Кыргызстандын босогосун аттады. Жолдон Жалал-Абадга өргүп, эс алышкан. Эми кандаштар Нарын облусуна жол тартып, Нарын шаарындагы клиникалык медициналык дарылоо…