Этникалык кыргыздар

САРЫ-КОЛ: Көөнө-Коргон баяны

САРЫ-КОЛ: Көөнө-Коргон баяны

Көөнө-Коргон баяны же эмне үчүн бул айыл “Көөнө-Коргон” аталган ? «История Памира» деген китептеги маалыматтарга караганда Россияга 1860-жылдары Орто Азия карагандан кийин Кокон хандыгына тиешелүү жерлердин бардыгына өз бийлигин жүргүзө баштайт. Ошол мезгилде Сары-Кол аймагына бирде Кокон хандыгы, бирде Ооган, бирде Кытай, бирде Бадахшан ээлик кылып келген. 1872-1876 жылдары Падышалык Россия Кашкардагы Якубек менен сүйлөшүү жүргүзүп, тиягы Суулуу Улуу…

САРЫ-КОЛ: Баш-Гүмбөз баяны

САРЫ-КОЛ: Баш-Гүмбөз баяны

Өткөн кылымдардын 60-70-жылдарындагы аксакалдардын айткандарына жана кээ бир тарыхий материалдарга таянсак Баш-Гүмбөз, б.а. эң башкы Гүмбөз Абдылдабекке таандык, Абдылдабек Алымкул датка менен Курманжан датканын уулу болгон. Бул боюнча айрым бир маалыматтарга караганда Ооганстандан кайтып келе жаткан Абдылдахан (Абдылдабек) азыркы Баш-Гүмбөз өрөөнүнө келгенде каза болуп, сөөгү ошол жерде коюлган. Андан кийин ага эстелик үчүн Гүмбөз тургузулган. Ошондуктан бул эң биринчи Гүмбөз…

Сары-Кол жергесинин табияты татаал дагы бай дагы

Сары-Кол жергесинин табияты татаал дагы бай дагы

Сары-Кол жери бир караган адамга, көзгө комсоо, жупуну, боз талаалар көрүнгөнү менен, ал канчалаган сырларды ичине катып жатканын бардыгы эле биле бербейт. Бул табияты татаал, суук, ышкырган шамалдан башка эч нерсеси жоктой көрүнгөн аймакты тээ байыртадан бери эле адам баласынын буту тийип, анда жашап, анын табиятынын кучагына кирип турмуш өткөрүп келе жатат. Ошондой боз чаңдуу, шамалдуу Сары-Кол жергеси аны мекендеген…

Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры (видео/сүрөт)

Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры (видео/сүрөт)

Нарындан келип, биздин редакцияга кире кеткен памирлик жаштар менен маектештик. Түпкү мекенге келүү, изги тилектер, билим алуу, сүйүү туурасында кеп салып, ал тургай калың темасына да кирип кеттик. Биздин маектештер алды 23, ал эми арты 18 жаш курагында экен. Баса, маектештерибиздин тилдик сүйлөө өзгөчөлүгүн сактап, сөздөрүн өзгөртпөй бердик. — Кыргыз жерин аттагыныңыздарга үч ай чукулдап калыптыр. Сиздерге бул…

Сары-Колдон өткөн Жибек жолунун баяны

Сары-Колдон өткөн Жибек жолунун баяны

Жибек жолу тууралуу айтылганда албетте Сары-Кол жергесин айтпай кетүүгө болбойт. Ааламга таанылган Жибек-Жолу Чыгыш Памир, болгондо да так ушул Сары-Кол аркылуу өтүп анан ааламга кеткени тарых барактарында таамай жазылып келет. Азыркы мезгилде ошол Жибек-Жолунун эскирген изи менен ошол кездеги кыймыл башталып калгансыды. Буга Мургаб районуннун аймагындагы Көлмө ашуусу аркылуу ачылган автомобиль жолу күбө болуп жатат. Аличор өрөөнүнүн жашоочуларынын оозунан…

Кызыл-Рабат жамааты 2016-2020 ж 5 жылдык иш чаранын негизинде өнүгүү жолунда баратат

Кызыл-Рабат жамааты 2016-2020 ж 5 жылдык иш чаранын негизинде өнүгүү жолунда баратат

Улут Ажосу, Президентибиз Эмомали Рахмондун көрөгөч саясаты менен Тажикстан Республикасы эгемендүүлүктү алуу менен 26 жыл ичиндеги жетишкендиктер Кызыл-Рабат жамаатында арбын. Алгач СССР тараган мезгилди эскерсем, менчиктештирүү саясаты менен бардык турмушка керектүү ишканалардын имараттары сатылып, бузулуп, жашоо токтой тургандай болгон эле. Ошол жоготуулардын ордун толуктоо менен бир топ көйгөйлөрдүн орду 26 жыл ичиенде толукталды. Атап айтсам, байланыш түйүнү жокко…

Страница 44 из 128