Сары-Кол жергесинин табияты татаал дагы бай дагы

Сары-Кол жергесинин табияты татаал дагы бай дагы

Сары-Кол жери бир караган адамга, көзгө комсоо, жупуну, боз талаалар көрүнгөнү менен, ал канчалаган сырларды ичине катып жатканын бардыгы эле биле бербейт. Бул табияты татаал, суук, ышкырган шамалдан башка эч нерсеси жоктой көрүнгөн аймакты тээ байыртадан бери эле адам баласынын буту тийип, анда жашап, анын табиятынын кучагына кирип турмуш өткөрүп келе жатат. Ошондой боз чаңдуу, шамалдуу Сары-Кол жергеси аны мекендеген элдин төмөнкү эки сап ырында анын жаратылышы, табияты толук камтылып тургансыйт:

 


Ак койону улактай,

Ак терскени тумактай.

Сары-Кол сендей жер барбы?!

 

Сары-Колдун татаал табияты көптөгөн окумуштууларды кызыктырып, канчалаган саякатчыларды өзүнө тартып келет. Бул жердин татаал жана бай табияты, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү, географиялык түзүлүшү тууралуу материалдар XIII-XVI кылымдардагы ар түрдүү маалымат булактарында пайда боло баштаган. Буга окумуштуулар венециялык саякатчы Марко Полонун Сары-Кол жери, андагы жаныбарлар жөнүндө алгачкы маалыматтарды жалпы дүйнөгө тараткандыгын айтып жүрүшөт. Андан кийин XVII - XVIII кылымдарда бул жерге көптөгөн саякатчылар, окумуштуулар келишип табиятын, жаратылышын изилдешип ал боюнча көптөгөн маалыматтарды калтырып кетишкен.

 

Сары-Кол жергесин көптөгөн өлкөлердүн окумуштуу тарыхчылары, географтары, биологдору, экологдору изилдешип бул климаты татаал жана бай аймак жөнүндө далай баалуу эмгектерди жазышты. Ошолордун бири, Кыргызстандык тарыхчы Бектемир Жумабаев өзүнүн эмгегинде Сары-Кол жеринин табияты тууралуу мындай маалыматты берет.

 

“Чыгыш Памирдин (жергиликтүү эл Сары-Кол өрөөнү деп айтат) климаттык шарты бийик тоолуу, катаал, кескин континенталдуу болуп эсептелинип, кышкысын эң төмөнкү абанын температурасы - 50 градуска түшсө, жайкысын + 20 градустан жогорулабайт. Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги орточо жылдык температура январь айында 17,8 градусту жана июлда + 13,9 градусту түзөт. Жайы суук жана кыска болот. Чыгыш Памирдин рельефи бийик тоолуу, майда таштуу талаа ландшафтан турат. Чыгыш Памирдин жаратылыш шарты өтө өзгөчөлүү. “Көпчүлүк физико-географтар жана ботаник-географтар жаратылыш шарты тибеттикине окшош деп келип, аны Тибет ботанико-географиялык алкакка кошот”. Чыгыш Памирде бак-дарак, жемиш такыр өспөйт, бул жерге мүнөздүү болгон өсүмдүк терскен, шыбак, аны жергиликтүү эл кышкысын отун катары колдонушса эрте жазда кыштан араң чыккан мал тоюнат. Суткалык температура да өтө кескин өзгөрүшү менен өзгөчөлөнөт. Жайкысын көлөкө жердеги температура менен күнөстүү жердеги температуранын айырмасы кескин. Памирдин өтө кескин климаттуулугун жана күндүзгү температура менен түнкү температуранын кескин айырмалуулугун капитан П.А.Кузнецов белгилеп мындай дейт: “1893-жылы 30-январда түштө көлөкө жерде -18 градус, ушул эле убакта күнөстүү жерде +7,5 градус, ал эми түнкүсүн -43 градусту түзгөн. Чыгыш Памирде жай-кышы ызгаар, шамал журуп турат”.

 

Жайкысын чаң, кум ызгыткан шамал болсо, кышкысын бороон уюткан шамал жүрөт. Ошондуктан Чыгыш Памирде өсүмдүктүн өсүүсүнө да жолтоо болуп, бак-дарак бул жерде такыр өспөйт, тоют-чөптүн өсүүсүнө да терс таасирин тийгизет.

 

Памир бийик, асман мелжиген тоолордун, улуу мөнгүлөрдүн мекени болгондуктан, дарыя менен көлдөргө бай. Дегинкисин Памирди көлдөрдүн өлкөсү деп бекеринен айтышпаса керек. Памирдеги көлдөрдү эки бөлүккө бөлүүгө болот: Суу агып чыкпаган ички бассейиндүү жана суу агып чыккан сырткы бассейиндүү. Биринчи группадагы көлдөргө Кара-Көл, бул эки бөлүктөн турган, мөңгүдөн куралган көл. Көлгө эки дарыя келип куят, түндүгүнөн Кара-Жылга, ал эми түштүк жагынан - Муз-Көл. Бул көлдү көпчүлүк саякатчылар байыркы кытай жазмаларындагы Ажыдаар көлү менен байланыштырып жүрөт. Ушул группадагы дагы бир чоң көл - Раң-Көл. Бул дагы эки бөлүктөн турат, Шор-Көл жана Раң-Көл деп аталып. Көлгө анча-мынча эле кичинекей суулар куюлбаса, ал дээрлик жер астынан сызылып келген суулардан куралат жана эч кандай дарыя агып чыкпайт. Экинчи группадагы, агып чыккан көлдөргө - Зор-Көл же (англичандар алгач Вуд-Көлү, анан Виктория Көлү деп атаган) деңиз денгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан, бул көлдөн Памир дарыясынын башаты башталат. Ушул сыяктуу көлдөргө Жашыл-Көл, Сарез көлдөрү кирет. 1911-жылы 7-февралга караган түнү жер титирөөнүн натыйжасынан Муз-Көл тоосунун чоң аскасы Усой кыштагын түн ичинде басып, Бартанг дарыясын бууп калган, бир жылдан кийин Сарез кыштагы суунун астында калган, ушунун натыйжасында Сарез көлү пайда болгон.

 

Орто Азиядагы эн чоң дарыянын бири болгон Аму-Дарыянын башаты дал ушул Памирден башталат. Пяндж же жогорку Оксус (Ак-Суу) дарыясы Зор-Көлдөн агып чыгып, сол жактан Вахан дарыясы кошулуп, оң жактан Гунт, Шохдара, Бартанг жана ортоңку куймалары Мургаб, Язгулем, Ванч дарыялары биригип, Аму-Дарыяга кошулат. Памирдин жаратылыш шартынын кургак жана катаалдыгына карабастан жаныбарлар дүйнөсү бай. Бул жөнүндө Памирди изилдеген саякатчылардын эмгектеринен да жолуктурууга болот.

 

Памирдин эң бир өзгөчөлөнүп өзүнө тартып ага кызыктырганы жаныбарлар дүйнөсү бул аркар-кулжа (Ovis Poli) менен кийиктер (Capra Sibirica), жергиликтүү эл да буларды ак кийиктер жана кызыл кийиктер деп бөлүшөт. Булардан сырткары аюу, карышкыр, түлкү жана эң көп кездешкен кадимки эле суурлар. Канаттуулар дүйнөсү да бай. Бул жерде Тибетке тиешелүү көптөгөн канаттуулар бар, андан сырткары өрдөк-каздын түрлөрү жана эң негизгиси улар. Өзөн сууларда балыктын түрлөрү көп кездешет алар форель, осман ж.б.

 

Жаныбарлар дүйнөсүнө караганда өсүмдүктөр дүйнөсү бир топ эле жарды, анткени-жаратылыш шартынын оордугу жана бийик тоолуу климат таасир берсе керек. Чыгыш Памирде тал-терек жокко эсе, кээ бир жерлерде гана бир аз бадал өсүмдүктөр кездешет. “Бийик тоолуу жерлердин шартында өсүүчү өсүмдүктөр (чөптөр) башка жерлерге салыштырмалуу колориясы жогору болот. Жерге чыккан чөп экиге бөлүнөт:

Боз от жана шибер оту болуп, боз отко; терскен, шыбак, каргатырмак, аюу чачы, гөдөө, ширалжин, бозноч, куртка, кызыл тикен, бетеге, кумуру, мамыры, аркар оту, улар оту, коен оту, ташкурут, чечендир, чекенде, айгыр жыгар, кыяк, шакар, тикен кайсар, адырашман ж.б чөптөрдүн түрү кирген.

Ал эми шибер отуна: кара баш, чытыр, нокотек, суулуу жерлерге шабыр чыгат. Памирди географиялык шарты боюнча жергиликтүү эл да, изилдеген окумуштуулар да бир нече бөлүктөн турарын жазышкан.


Г.Керзон Памирди төмөнкүдөй бөлүктөргө бөлгөн.

1. Тагдумбаш Памир же бийик тоолордун башы. Ал Килик ашуусунан түндүк жакка жайгашкан жана чыгышка созулган Вахаджир ашуусуна чейинки аймакты камтыйт. Калкы-кыргыздар жана сарколдуктар, кээде вахандыктар жолугат.

2. Вахан Памир Вахандын түндүгүндөгү кууш жашыл өрөөн. Оксустун башатынан Бозой-Гүмбөздү карай жол кетет. Бул өрөөндө калк жашабайт, мыкты жайлоо.

3. Памир Хурд же Кичи Памир Бозой-Гүмбөздүн түндүгүрөөк жагынан башталып, Чакмактын көлү аркылуу түндүк-чыгышты көздөй Ак-Сууну бойлоп, Ак-Таш кытай фортуна чейин созулат.

4. Калай Памир же Чоң Памир эң мыкты узун, туурасынан созулган өрөөн, түштүк-батыштан Юлмазардан, Оксустун куймасы Памир дарыясынын өрөөнү менен чыгышка карай созулуп, Виктория (Зор-Көл-авт.) жана башка кичинекей көлдөр аркылуу Ак-Сууга чейин жетет.

5. Аличор Памир батыш жагы Шугнанга жетип Жашыл-Көл, Булуң-Көл, Сасык-Көл сыяктуу көлдөрү бар өрөөн.

6. Сарез Памир бул атты кээ бир саякатчылар туура эмес атаган. Бул ереен Мургаб ереонун бут камтып, Сарез колуне чейин жетет.

7. Раң-Көл Памир. Бул Раң-Көлдүн айланасындагы өрөөн.

8. Хоргош Памир Кара-Көлдү же ошол өрөөндү ушундайча атаган. (Б. Жумабаев. “Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш”. Бишкек-2009, 18-20-6.)


Ал эми жергиликтүү элден чогултулган материалдарды карасак дагы жогоруда айтылган ойлордун дагы тереңделишин көрөбүз. Алсак, жергиликтүү илим изилдөөчү, Шаймак айылындагы мектептин мугалими Маматумаров Раимберди чогулткан материалдарында өзүнүн төмөнкүдөй пикирин билдирет:


“Борбордук Азияны изилдешкен көптөгөн изилдөөчүлөр (Федченко 1903 -ж, Наливкин 1936- ж. Райкова 1936- ж. Толмачев 1944- ж, Станюкович 1952-ж, Крыжановский 1965-ж.) Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусун өз алдынча эки жаратылыш региондоруна: Памир жана Бадахшан деп бөлүшөт. Памир (Сары-Кол)- биздин өлкөнүн эң бийик аймагы болуп, анын жаратылышы Борбордук Азиянын, Тянь-Шандын сырты, Тибет, Каракорум, Гиндукуштун чыгыш бөлүктөрү менен салыштырууга болот. Жогоруда аты аталган окумуштуулар Чыгыш Памирди Түндүк Памир жана Түштүк Памир деп дагы экиге бөлүшөт.


Түштүк Памир өз аймагына Түндүк Аличор, Базар-Дара жана Гиндукуш кыркаларынын ортосунда жайгашкан. Чыгыштан Кашкар кыркасы, батыштан меридиан бойлото көтөрүлгөн тилке боюнча Памир тайпак тоосу менен Бадахшанды ажыратат.


Памирдин Тажикстандагы аймагы түштүктөн жана чыгыштан мамлекеттик чек ара менен курчалып, Памир дайрасын бойлоп, чыгыш тармагы Вахан кыркасын тармагы менен жана Түштүктө Сары Кол кыркасын бөлүгүнө өтөт.


Түштүк Памир, Түндүк Памирден абанын температурасынын айрымасы жана жаан-чачындардын коп болушу менен айрымаланат. Демек, нымдуулук канча көп болсо, өсүмдүк каптоосу дагы өзгөрөт. Шаймактан төмөн жаткан Шинде жылгасынын сайыдан Аличорго, Базар-Дара кыркасына карай бул эки субрегиондук чеги өтөт. Түштүк Памир-Аличор, Кызыл-Рабат (Чеш-Төбө), ал эми Түндүк Памирде: -Мургаб, Кош-Агыл, Кара Көл, Ыраң-Көл кирет. Саратанда жаан-чачын көп болуп, болжолдуу жылдык жаан-чачындын саны 500 ммн жетет.


Ошентсе дагы Сары-Кол жергесинин кең пейзажы анын жаратылышынын кызыктуу экенинен кабар берип тургансыйт. Дүйнөнүн эң чокусунда жайгашкан бул ажайып дүйнөсү бар жердин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү ушунчалык кызыктуу, анан дагы бай экендигин байкоого болот.


"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены