Мургабдан Чүйгө көчүп келген Абдимиталип Исмаилов 100 000 сомго өзгөчө иш баштады

Мургабдан Чүйгө көчүп келген Абдимиталип Исмаилов 100 000 сомго өзгөчө иш баштады

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айыл аймагынын тургуну Абдимиталип Исмаилов суу бургалоочу жабдык орнотту. Ал социалдык келишим аркылуу 100 000 сом алган.


Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Жапаркуловдун айтымында, 2022-жылы 50 аз камсыз үй-бүлө, ал эми 2023-жылы 66 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизинде 100 миң сомдон берилди.


Социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөрдүн катышуусунда конференция өтүп, алар өндүргөн продукциялардын жармаңкеси уюштурулду. Анын жүрүшүндө 6 жаран республикалык «Жаңы кадам» съездине делегат болуп шайланды. Алар: Орто айыл аймагынан мал чарбасында эмгектенген 2 тургун, Вознесеновка айыл аймагынан скважина менен суу чыгарган 1 тургун, Курама айыл аймагынан 1 тигүүчү, Кайыңды шаарынан 1 тигүүчү жана Фрунзе айыл аймагынан мал чарбасы менен алектенген 1 тургун.


Вознесеновка айыл аймагынын тургуну Абдимиталип Исмаилов учурда 52 жашта. Жубайы экөө 7 баланын ата-энеси. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде иши тууралуу айтып берди.


«4 балабыз мектеп окуучулары. Турмуш шартка байланыштуу 1998-жылы Тажикстандын Мургаб районунан Чүйдүн Вознесеновка айылына көчүп келип, үй сатып алганбыз. Соцкелишим түзүп, 100 миң сом алдык. Ага скважина менен суу чыгаруучу жабдууларды алып, элге кызмат кылып жатам. Бул аймакта 18-20 метр тереңдиктен таза суу чыгарса болот экен», – деди ал.