САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ

Кара-Көл таңы

Агарып таң кылчаят чыгыш жактан

Булутсуз көз жетбеген ачык асман

Дүйнөдө эн биринчи таңды тосот

Мөнгүдөн таажы кийген бийик аскаң

 

Күн нуру каптайт алгач чокуларды

Ай нуру каптайт алгач тоо-кырларды

Чымчыктар тил безешип сүйүнчүлөйт

Таң менен кошо келген бул жыргалды

 

Көл дагы кубанычта таңды тосуп

Майда толкун бир-биринен кетет оозуп

Ажайып бул керемет аткан таңды

Даңктагым келип кетти ырга кошуп

 

Мемиреп нурун чачып күн да турат

Табийгат күн нурунан жашоо улап

Кылымдар кебелбеген мөңгүлөрдү

Ээритип жараткансыйт шынгыр булак

 

Булактар дайра болуп чогуу агат

Жылгадан ылдый көздөй кубалашат

Жээгиңде жашыл шибер килем сымал

Кулпуруп түркүн гүлдөр кумар жазат

 

Түшкө маал күн илеби каптап турат

Тоо боорун күндүн нуру кактап турат

Жер бети күндөн алган жылуулукту

Түнү да бир оокумга сактап турат

 

Кызарат күн батаарда чокуларга

Кандай кооз күн уяга олтураарда

Керемет Кара-Көлдүн бир күнүнү

Аздектеп жеткиремин окурманга

 

Күн батат күндү түнгө алмаштырып

Тынчтыкты кучагына жайгаштырып

Караңгы каптабасын ааламды деп

Шооласын чачып чыгат ай да сызып

 

Керемет тоо койнунда түнүң дагы

Жаркырап жаңы чыккан күнүң дагы

Сагынып ошол кооз көрүнүштү

Өзүңө кетким келди бүгүн дагы

 

Өзүңдү тил жеткенче мактай берем

Кооздугуң күч жеткенче даңктай берем

Ардактап Кара-Көлдү түбөлүкө

Жүрөктүн түпкүрүндө сактай берем

Таалай Сайназаров

Кара-Көл айылы

 

Өмүр атым

Тайгак кечүү тар жолдордо абайла

Мүдүрүлбө жаман ойго чөкпөйүн

Өмүр атым экөөбүзгө жол узак

Күтөт бизди үмүтү бар көптөрдүн

 

Өр тартканда тизгиниңди какпайын

Өмүр атым откөөл жерде чаппайын

Канат байлап аскалардан үчүп өт

Тердик салып саяпкердей таптайын

 

Желге үрккөн сенин чалпоо кыялын

Өмүр атым абайлагын туягын

Ашуулардан аман эсен алып өт

Күтөт бизди сагынышат туямын

 

Өмүр атым ырларым бар куржунда

Кайрыктарын бекем байлап бөктөрдүм

Ыр дүйнөгө эртереек алып бар

Күтөт бизди үмүтү бар көптөрдүн

 

Сарыколдун акыны, жазуучу М.Тойчиевке

Аркар көрсөм эстейм ырларын

Шамал боз үй төрү жылганын

Кыялымда чамдап басамын

Кош агылдын алтын кумдарын

 

Шамал боз үй төрү жылганын

От бойунда апам турганын

Көз алдымдан кетпес элестер

Кулжаларың жүргөн кырларын

 

Шамал боз үй төрү жылганын

Жүрөгүмдүн чертет кылдарын

Балалыктан калган бир элес

Мага кымбат жазган ырларың

 

Шамал боз үй төрү жылганын

Сүрөтү бар өткөн жылдардын

Ойлорумдан ордо курамын

Кош агылдын алтын кумдарын

Өскөнбай Бердибаев

Сарык-Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.