Акылбек Жаңыбаев: "Ырлар жыйнагы"

Акылбек Жаңыбаев: "Ырлар жыйнагы"

                    -//-

 

Аллахым бизди жаратты

Ар түркүн бөлүп таратты

Жараткан берип хафыздык

Каралап жазам баракты

 

Аллахым өзүң улуксуң 

Күнөөсүн кечкен бузуктун

Тообону койгон кечирип

Аягы жаман суюктун


Аллахым өтө даанышман

Аллахты качпайм тааныштан

Өзүнө гана сыйынам

Өзгөнү таппайм кыйындан


Сарколду өзүн жараттың

Кооздугун караттың

Көз берген соң Аллахым

Алдымды таап бараттым


Кечиргин кылган гүнөөнү

Тынч койгун үйдү, бүлөөнү

Баарыбызды турат күзөтүп

Билбестен чарчоо жүдөөнү


                             -//-


Бир жолу сүйдүм эле, ал сүйүү кайталанбас

Чоң эле ошол сезим, эч качан майдаланбас

Бир жолу жалт бурулуп, мен жакты карасаңчы

Сүйүүнүн урматы үчүн, сен мени аясаңчы


Ойлорум чар тарапка, чачылып бара жатат

Сулуулар мынча неге жүрөктү жаралашат?

Айылдын көркү болуп, ээрчишип жүрчүү элек

Душмандар эмне үчүн, ортону араалашат?


Канчалык билдирбешке аракет кылсан дагы

Жүзүңдөн жүдөө тарткан ,билинип турат баары

Сен деле чыдай албай , сагынып жүрөсүн го

Соолубайт , унутбагын махабат булактары


Баары бир табышабыз, ишенип койгун мага

Апакай бойдон жашайт, ойлорум болгон сага

Тагдырда чындап жазса, бир күнү табышарбыз

Бууккан тарынычты, сырдашып жазышаарбыз...

                           -//-

 

Кызыл жүздүү, кымча белдүү келиндер

Кызыл тазыл кийинишип келишер

Той тарапка баралычы, жүр досум

Кимдин кимде көөнү барын сезишер

 

Көптөн бери , мал артында жүрөбүз

Бир жыргашсын, чачыладан теришип

Биздин дагы сүйүктүү үй бүлөөбүз

 

Сарколдо не, бүт тиригилик мал менен

Өмүр өтөт ээрчинишкен жар менен

Сага дагы бир сулууну табалы

Той баштайлы, келишсеңер, саар менен

 

                            -//-

 

Ак менен кара жанашпайт,

Бири бирин карашбайт

Актап таза жүрсө да

Каралар аны каалашпайт

 

Актын көөнү тазада

Каранын көөнү жазада

Актын көөнү балада

Каранын көөнү жарада

Ак ийилер, сынбастыр

Кара калар балаага

 

Ак жүргөнгө не жетсин

Кара жолун кесбесин

Ак жаркырап турганда

Кара басып келбесин

 

                            -//-

 

Күз да келди, жердин баарын саргайтып

Бийик өскөн гүлдүн баарын жалпайтып

Туулган күн белгиленет жакында

Секин гана мени алдап, картайтып

 

Жүрөк жап-жаш, колу буттар картайган

Биз жакында чал болобуз картайган

Биз көрүнчүү таш күзгү да эскирет

Тебетейди кийебиз го далдайган

 

Жашоо бизге бир келген соң шанс болуп

Жашайлычы нарктуу салттуу чал болуп

Дал ушинтип өтө берет адам зат

Бирөөнө кең, бирөөсүнө тар болуп

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.