|
1931-жыл: Ош-Хорог жолунун курулушу аяктаган.
1932-жыл: 27-октябрь. Борбордук аткаруу комитетннин токтому менен ТБАОнун составында Мургаб (Чыгыш Памир) району түзүлгөн.
1932-1937-жылдар: Байлардын мал-мүлкү конфицкацияланып кедей-кембагалдарга таратылган.
1932-жыл: Кара-Көлдө, Ыраң-Көлдө, Токтомушта, Көөнө-Коргондо, Аличордо башталгыч мектептер ачылган.
1935-жыл: Мургабда 7-жылдык мектеп ачылып, район боюнча 300гө жакын окуучу окуган.
1936-жыл: Райондук оорукана ачылып анда 10 койкасы болгон.
1939-жыл: Мургабда биринчи жолу «Чыгыш Памир» райондук гезити жарыкка чыккан.
1939-жыл: Тажик ССР илимер Академиясынын Памирдеги биология институтунун Чыгыш Памирдеги филиалы Чечекти участкасына, же болбосо деңиз деңгээлинен 3860 метр бийик жерге уюшулган. Советтик көрүнүктүү окумуштуулар П.А. Баранов, А.И. Райковалар эмгектенген.
1940-41-жылдар: Райондо 7 айыл чарба артелдери 200 майда чарбаны бириктирип түзүлгөн. Алардын 20 мал чарба фермаларында 3700 баш ири жана майда малдары болгон.
1941-1945 жылдар: Улуу Ата Мекендик согушка жердештерибиз: Мурзамамбетов Ысак, Матанов Камар, Айтиев Мурзамат, Нажмидинов Жоробай, Асанов Айдар, Сеитов Заирбек, Парманов Акмат, Сражов Адаам, Таштанбеков Гожомкул, Жутанкиев Айылчы, Истамкулов Борош, Шогунов Вазирбек, Раматшоев Рузодор жана башка адамдар катышкан.
1944-жыл: Мургаб райборборунда биринчи Ленин атындагы №1 жети жылдык орто билим берүүчү мектеп ачылган.
1950-жыл: МТС уюшулган.
1952-жыл: Майда 14 колхоз биригип, 4 колхоз, 1 совхоз уюшулду. Алар "Ленин-жолу", "Кызыл-чегарачы", "Мургаб", "Киров" атындагы колзохдор жана "Булуң-Көл" совхозу.
1956-жыл: Мургаб районуна чарбадагы ири жетишкен үчүн Тажикистан КП БКнын, Тажик ССР Министрлер Советинин Кызыл Туусу ыйгарылган.
1957-жыл: Мургабда коммуналдык турак-жай комбинаты уюштурулган.
1962-жыл: СССРдеги эң бийик жердеги 640 квт. кубаттуулуктагы «Ак-Суу» ГЭСи курулуп бүткөн. |
1967-жыл: Улуу Октябрдын 50 жылдыгында "Ленин-жолу" совхозуна КПСС БКнын, СССР Жогорку Советинин, СССР Министрлер Советинин жана ВЦСПСтин Эстелик Туусу, "Булуң-Көл" совхозуна Ардак Грамотасы тапшырылган. 1975-жыл: Мургабда эки кабаттуу «Мургаб» мейманканасы курулган. 1979-жыл: Душанбе-Мургаб аба жолу ачылды жана биринчи ЯК-40 самолёту "Мургаб" аэропортуна конду. 1980-жыл: Райборбордо cуу түтүкчөлөрү курулуп, «Экран» системасы боюнча телекөрсөтүү антенасы иштей баштаган. 1981-жыл: Мургаб районуна республиканын өтмө Кызыл Туусу планадарды ашык аткарганы үчүн ыйгарылды. 1981-жыл: Райондун совхоздорунда 10360 баш мүйүздүү ири, 52353 баш майда мал болгон. Район мамлекетке 2040 тонна эт, 135 тонна сүт, 151 тонна жүн сатты. 1982-1983 окуу жылында 7 орто, сегиз жылдык жана 1 башталдык мектепте 2939 окуучу окуган. Райондо 230 мугалим, тарбиячы ишеген. 1984-жыл: Райондо 105 орундуу, эки кабаттуу Борбордук оорукана ишке киргизилген, анда 13 жогорку билимдүү, 56 атайын орто билимдүү медиктер эмгектенишкен.
1992-жыл: ССР Союзу таркаганлан кийин. жалпы республикада болгон, экономикалык кризиске байланыштуу Сары-Колдон 200дөн ашуун үй-бүлө Кыргызстандын Чүй жана Ош облустарьнын аймагына көчүшкөн.
1995-жыл: 26-май. Мургаб районуна Улуу урматтуу Ага Хан IV Шокарим Ал Хусейин келген.
1995-жыл: Мураб районуна биринчи жолу Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонов келген.
1999-жыл: Райондун чарбаларында менчиктештиpүү жүргүзүлүп, фермердик ассоцацияларга айландырылган.
1999-жыл: Райондо биринчи жолу медициналык мектеп жана педагогикалык окуу жайы ачылган.
2000-жыл: Мургаб-Көлмө-Кара-Корум автожолунун курулушун Туркиялык ЕНТЕС фирмасы алгачкы 37 километрин курууну башташкан.
Абдижамил Примбердиев |