Кызыл-Кыяда 17 этникалык кыргыз «Кайрылман» күбөлүгү берилген (сүрөт)

Кызыл-Кыяда 17 этникалык кыргыз «Кайрылман» күбөлүгү берилген (сүрөт)

Кызыл-Кыя шаарындагы 45 этникалык кыргыз «Кайрылман» күбөлүгүн алууга арыз менен кайрылып, алардын ичинен 17 адамга гана күбөлүк берилген. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында, тарыхый мекени Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушууда айтылды.


Маалым болгондой, ага Кызыл-Кыя шаарыны мэринин биринчи орун басары И.Бабаев жана тиешелүү мамлекеттик кызматтын жетекчилери катышты.

 

kyzyl-kyiada-17-etnikalyk-kyrgyz-kairylman-k-b-l-g-berilgen 1 kyzyl-kyiada-17-etnikalyk-kyrgyz-kairylman-k-b-l-g-berilgen 2
kyzyl-kyiada-17-etnikalyk-kyrgyz-kairylman-k-b-l-g-berilgen 4 kyzyl-kyiada-17-etnikalyk-kyrgyz-kairylman-k-b-l-g-berilgen 3

 

2024-жылы Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына жалпысынан 45 этникалык кыргыз кайрылган. Анын ичинен 17 этникалык кыргызга «Кайрылман» күбөлүгү берилди. Калган жарандарга эмне себептер «Кайрылман» күбөлүгү берилбей калгандыгы туурасында түшүндүрүү иштиери жүргүзүлдү. Аларга чек арадан мыйзамдуу өтүүсү, келгенде өз учурунда каттоого туруусу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, берилген суроолорго тиешелүү жетекчилер жооп беришти.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены