Кыргызстанда 2 миңге жакын этникалык кыргыз жарандык ала элек

Кыргызстанда 2 миңге жакын этникалык кыргыз жарандык ала элек

Кыргызстанда 1992 этникалык кыргыз жарандык ала элек. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова парламенттин 13-декарбдагы жыйынында айтты.


Анын ичинен Өзбекстандан 372, Тажикстандан 1378, башка өлкөлөрдөн 245 адам келген.


Мындан тышкары, жарандык алуу боюнча 2766 кайрылман жарандык алуу боюнча арыз берген, учурда документтештирүү процесси жүрүүдө.


Жогорку Кеңеш бүгүн «Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга бериле турган мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Нурланбек Азыгалиев. Документ «кайрылман», «кайрылман статусу» жана «этникалык кыргыздар» терминдеринин жаңы, өркүндөтүлгөн аныктамаларын сунуштайт.


Ага ылайык, күбөлүк юридикалык статус берүүчү жана каттоо органдарына каттоого укук берүүчү документ катары гана эмес, мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн социалдык статусун ырастоочу документ катары да колдонулат.


Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены