«Кайрылман» макамын алгандардын 94,7 % Тажикстандан келген этникалык кыргыздар

«Кайрылман» макамын алгандардын 94,7 % Тажикстандан келген этникалык кыргыздар

2023-жылы 9 айдын ичинде 437 этникалык кыргыз «кайрылман» статусун алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.


Алар:

- Тажикстандан — 414,

- Өзбекстандан — 15,

- Орусиядан — 4,

- Афганистандан — 1,

- Кытайдан — 1,

- Түркменстандан — 1,

- Украинадан — 1 адам «кайрылман» статусун алган.