Кадамжайда Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга кайрылман күбөлүгү тапшырылды (сүрөт)

Кадамжайда Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга кайрылман күбөлүгү тапшырылды (сүрөт)

Кадамжай районунун бир нече жыл мурун Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга кайрылман күбөлүгү тапшырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.


Маалыматка караганда, 5 жаранга кайрылман күбөлүгүн Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров тапшырды. Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берет.


Этникалык кыргыздарга социалдык статус берүү жана тастыктоочу документинин болушу кийин мамлекет кепилдеген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык санитардык жардам алууга мүмкүндүк берет.


Былтыркы жылда өлкө башчы Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган.

 

kadamzhaida-tazhikstandan-kelgen-etnikalyk-kyrgyzdarga-kairylman 1 kadamzhaida-tazhikstandan-kelgen-etnikalyk-kyrgyzdarga-kairylman 2 kadamzhaida-tazhikstandan-kelgen-etnikalyk-kyrgyzdarga-kairylman 3