Кыргыз таануу ырым-жырымдар

Кыргыз таануу ырым-жырымдар

Кошумча

Кошумча-жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү өлчөм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдө болот. Бул «ыража» деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага өмөчөктөп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу биздин элде бар. Кошумча чогултуу – элибиздин урматы.

 

Ажаат ачуу

Бул – зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу «Ажаатчыл адам», «Ал жок дебейт», «Ал ажаатка жок» өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат ачкандар – элдик адамдар. Айыл ичи мындайлар менен сыймыктанат.

 

Садага чабуу

Бул – адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун көргөнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдөгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең.

 

Аксарбашыл айтуу

Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл – башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар.

 

Бертик суроо

Бул – бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга дабаа болгон. Азыр деле айрымдарды – тигинден-мындан бирдеме суроочуларды «бертик сурагансып» деген өтмө мааниде сөз айтылып жүрөт.

 

Түлөө берүү

Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө кбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт.