Салт, тарбия жана эне

Салт, тарбия жана эне

Кызыл-Рабат жамаатынын үрп-адат, каада-салттарды жөнгө салуу жана дин иштери боюнча адистин иш планынын негизинде жана №2 Токтогул атындагы билим берүү мекемесинин жетекчиси Джуниев Рысбектин колдоосу менен «Үрп-адаттарды, каада-салттарды жөнгө салууда жана баланы тарбиялоодогу эненин ролу» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага айылдын имамы, айыл аксакалдары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары катышышты.

 

Тегерек столдо коомдогу ысырапкерчилик жана анын таасири, жыйынтыгы боюнча суроолор менен камтылды. Бул отурумдун жүрүшүндө дин иштер боюнча башкы адис Закиров Сагынбек иш чаранын максатын тааныштырып, төмөндөгүлөргө токтолду:

«Албетте ар бир жаран өзүнүн улуттук баалуулуктарын: тилин, динин, үрп-адат, каада-салттарын сактоо зарыл. Бирок, биз эң негизгиси мусулман болгондуктан кайсы бир салт динибизге каршы келе турган болсо, анда, аны пайдаланууга жол койбошубуз керек. Анткени, биздин кээ бир салттарыбыз же акылга сыйбайт, же шарыятка да туура келбейт. Мисалга алсак аза күтүү жөрөлгөсүндө «Чай-ичирди» деп азада отургандарды сарпайлоо. Эгер бир жакыныбыз той кылса мааректеп сарпай беребиз, ал эми өткөндөрүнүн жакындарына сарпай берүү адепке туура келбей калат».

 

Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: «Жафардын үй-бүлөсүнө тамак-аш даярдап бергиле. Аларды алек кыла турган иш башына түшүп турат». Ошондуктан маркум ээлерине тамак аш жасап берүү гана керек, сарпай эмес.

 

Ал эми ушул сыяктуу туура эмес салттарыбызды жоюуда эненин ролу чоң болгондуктан, бүгүнкү иш-чаранын энелердин жардамы менен ушундай терс көрүнүштөрдү жоюу.

 

Андан кийин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тамашаев Жакшылык сөз алып, улуттук баалуулуктар боюнча ат коюу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бангизат жана спирт ичимдиктердин пайдалануудагы терс көрүнүштөр боюнча ата-энелерднин жоопкерчилиги боюнча маалымат берди.

 

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары салт маселесинде коомдун орду, ал эми баланы тарбиялоодо эненин ролу өзгөчө орунда экенине, бул процессте медицина менен дин да бири бирин толуктаган негизги бир түшүнүктү берээрлигине токтолушту.

 

Андан тышкары патриоттуулукка тарбиялоо, атуулдук милдеттер боюнча да сөздөр айтылды.

 

Аягында иш-чаранын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен бирге дагы деле ушундай көйгөйлүү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жайылта беришин каалап кетишти.

 

Ж.Тамашаев, №2 Токтогул атындагы билим берүү мекемесинин

окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

"САРЫКОЛ" пресс.

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены