«Кыргызбыз» деп сыймыктанган Вандык кыргыздар

«Кыргызбыз» деп сыймыктанган Вандык кыргыздар

Түркиянын Ван вилайетине караштуу Эржиш районундагы Улуу Памир айылында учурда 2 миңге жакын кыргыз жашайт. Бир убакта топтошуп жашаган кыргыздар эми чоң-чоң шаарларга иш издеп кетишүүдө. «Тилибизди, салтыбызды унутуп калбасак экен» деген вандык мекендештерибиздин жашоо шарты тууралуу жергиликтүү тургундар айтып беришти.

 

ВАН КЫРГЫЗДАРЫ

Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында 30 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан мекендештерибиздин түпкү теги – Памир, Мургаб жана Алай. 1982-жылы Түркиянын өкмөтү аларга Ван аймагынан жер бөлүп берип, Памирден көчүрүп алган. Ошондо көчүп барган кыргыздардын саны учурда 5 миңге жакын. Вандык кыргыздар жашаган аймак тоолуу, абасы салкын келгендиктен негизинен мал чарбачылык менен алектенишет. Алар Ооганстандан ооп баргандыктан каада-салттары памирлик кыргыздарга окшош. Ал эми улуттук оюндары, тамак-ашы Кыргызстандагы кыргыздардан көп деле айырмаланбайт. Кыргызстанда колдонулбай калган күйөө узатмай, өлөң айтмай, кыз ыйлатмай, аш алды сыяктуу эски салттар колдонулат. Улуттук оюндардан ак чөлмөк, улак тартыш, ордо оюндары ойнолот.

 

«КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗДАРГА ҮЙЛӨНГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ»

 

Kg Van Pamir 1Улуу Памир айылынын айыл башчысы Ейупхан Кошар (Айтбай деген атын өзгөртүп алган) мекендештерибиз тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мен 35 жаштамын, Түркияга көчүп келгенде 1 жашта экенмин. Айылыбыздагы мектепте кыргыз класстар жок болгондуктан жаштар кыргыз тилин жакшы биле беришпейт. Мектеп, медпункт, мечит бар. Мектепте 320 окуучу окуйт, мугалимдер түрк улутундагылар, ошондой эле өзүбүздүн айылдан 2-3 кыргыз мугалими да иштейт. 1200 киши баткыдай мечитибизде куран курстары окутулат, анда аял-эркектер өзүнчө окушат. Коопсуздук маселеси жакшы эмес. Айылыбызды өзүбүз коргойбуз, 200дөй тургун коружу (сакчы) болуп иштейт. Алар бир эле өзүбүздүн айылды эмес, жалпы районду кайтарышат. Жакында террорчулар постко бомба салынган машина менен барып, өзүн кошо жардырып жиберген. Ошондо нөөмөттө турган кыргыздардан 1 коружу каза болуп, бешөөсү жарадар болду. Жергиликтүү кыргыздардан Түркиянын мамлекеттик кызматтарында иштегендер, депутаттар жок болгон менен, мугалим, врач болуп иштегендер бар. Палоо, манты, каттама сыяктуу улуттук тамактар жасалат. Башка улуттан келин алып, кыз бергендер бар. Акыркы кезде кыргызстандык кыргыз кыздарына үйлөнгөндөр көбөйүүдө. Мен да таластык кызга үйлөнгөм. Айыл эли көбүнчө Кыргызстандын телеканалдарын көрүп, кыргыз музыкаларын угабыз. Тилекке каршы, салтыбыз барган сайын түрктөшүп баратат. Кыздар кызыл жоолук, турмушка чыккандар болсо ак жоолук салынат. Ал эми шапакты бардык аялдар кие берет.

 

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАП ТУРУП КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨГӨНДӨН УЯЛГАН КЫРГЫЗДАР БАР ЭКЕН»

 

Kg Van Pamir 2Кенан Айтач, «Улуу Памир айылы» коомунун башкы катчысы:

– Менин ата-бабам жердеген жер – Кичи Памир. Ал жер бизге караштуу болчу, кийин гана чек ара бөлүнгөндө Ооганстандын аймагында калган экен. Уруум каратай. Түркияга көчүп баргандан кийин 1 жылдан соң төрөлгөм. Негизи вандык кыргыздардын саны 5 миңге жакын, биздин айылда учурда 1700дөй кыргыз жашайт. Калганы Түркиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүрүшөт. Бизде жер тар, жайлообуз жок. Ошондуктан көпчүлүк жаштар окуусун аяктагандан кийин чоң шаарларга иштегени кетип жатышат. Тегерегибиздин баары күрд айылдары. Алар бизди жакшы көрө беришпейт, бирок ортобузда чоң чыр-чатактар деле жок.


Кыргызстандан Түркияга делегация келиптир деп уксам эле аларга барып жолукчумун. Депутаттар, чиновниктер, ал тургай президент келип жатты. Бардыгына «биз силерден нан же башка нерсе сурабайбыз, бизге мугалим жөнөткүлө» деп айтам. Тилибизди, үрп-адаттарыбызды сактап калалы, тарыхыбызды биле жүрөлү, өзүбүздүн ырларды үйрөнөлү деп кыргыз тили, тарых жана музыка мугалимдерин жөнөткүлө деп сурандым. Баары эле убада берет, бирок жыйынтык жок.


Кыргызстандагы кыргыздар орусча аралаштырып сүйлөгөндөй эле Kg Van Pamir 5биздин тилибиз да түркчө чалып баратат. Мен Кыргызстанга тез-тез келип турам. Бул жердеги кыргыздарды көрүп туруп өзүмө шүгүр кылып калдым. Себеби Кыргызстанда жашап туруп кыргызча билбеген же кыргызча сүйлөгөндөн, калпак кийгенден уялган кыргыздар бар экен. Аларга салыштырмалуу башка өлкөдө жашап жатып биз кыргызча сүйлөйбүз, улуттук кийимдерди кийип, биз кыргызбыз деп сыймыктанабыз. Менин Стамбулда кийимдерге кыргыздын оймо-чиймелерин түшүргөн, калпак, чапан сыяктуу улуттук кийимдерин тиккен фабрикам бар болчу, ал жерде көбүнчө Кыргызстандан баргандарды жумушка алчумун. Кийин аны жаап, айылыма барып ошондой ишкана ачкам. Түрк бийлиги фестивалдарга чакырып турат, мен ар кайсы шаарга барып боз үй тигип, ага Кыргызстандын желегин илип коём.


Көчүп келели деген деле ой жок, анын да себеби көп. Мисалы, Кыргызстандагы эле кыргыздар канча бөлүнүп жатат, бизди батырмак беле? Менин бир туугандарым Памирден көчүп келген эле, аларды качкын кыргыздар деп айтышат экен. Анан дагы мен Кыргызстанга келгенде кантип жан сактайм?! Бул жакта эл иш жоктугунан чет өлкөлөргө кетип жатышса... Айлык да өтө аз, мисалы, бир нече жыл окуп мугалим болуп иштеген адам 100-150 доллар айлык алат экен.








Kg Van Pamir 3 Kg Van Pamir 4
«Фестивалдарда дайыма Кыргызстандын желегин желбиретебиз» Улуу Памир айылынын көрүнүшү
Kg Van Pamir 6 Kg Van Pamir 7
Шапак кийген кыздар «Улуттук оюндардан улак тартыш көп ойнолот»
Kg Van Pamir 8
«200дөй кыргыз сакчы болуп иштейт»

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены