Электр энергиясын үнөмдөөнү үйрөнүнүз

Электр энергиясын үнөмдөөнү үйрөнүнүз

Электр энергиясын чектен ашык сарптоо токту өндүрүүчү жана ташып келүүчү жабдууларга күч келтирип, зыянга учуратат. Ошондой эле анын баасы Кыргызстандын азыркы экономикалык шартында карапайым элдин чөнтөгү үчүн кымбат экени талашсыз. Андыктан баарыбыз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн майда, бирок маанилүү иштерди эске тутуп алганыбыз оң.

 

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨНҮН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖОЛДОРУ

 

-Керексиз маалда жарыкты жана электр приборлорун токтон ажыратуу.

-Лампа жана асма шамдын плафондорун таза кармоо керек. Анткени чаң баскан лампанын жарык берүүсү 30 пайызга чейин төмөн болуп калат.

-Терезе дайыма таза болуусу зарыл.

-Бөлмөнүн бир бурчунда гана иштөө керек болсо, бөлмөгө толук жарык бере турган негизги лампалардын ордуна бир лампалуу жарык бергичти (асма шам) колдонгон туура.

-Электр энергиясын үнөмдүү сарптаган лампаларды орнотуу өзүңүзгө пайда.

-Бөлмөнүн ичин ачык түс менен актоо же сырдоо оң.

 

ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАЛАРЫ

 

Аудио-видеотехника

Керексиз учурда электр жарыгынан сырткары телевизор, компьютер, DVD-ойнотуучу, музыкалык борбор, радиолорду күтүү режиминде калтырбай сууруп салуу зарыл. Мисалы, орточо көлөмдөгү (диагоналы 50-53 сантиметр) телевизорду алалы. Ал күтүү режиминде турганда 24 саат ичинде 297 ватт-саат электр энергиясын керектейт. Ал эми бир айда 9 киловатт-саат же 6,3 сом болот.

 

Чайнек

Чайнекте пайда болгон кеберди тазалап туруу керек. Кебер калыңдап кетсе, ысыктын өтүшү азайып, суунун кайнашы көпкө созулат. Мындан сырткары сууну өзүңүзгө жетиштүү гана көлөмдө кайнатууну эске алыңыз. Мисалы, 10 мүнөт ичинде 1,5 литр сууну кайнатууга жараган электр чайнеги 0,25 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт. Күнүгө эртең менен 100 миң чайнек бир убакта кайнатылса, 25 миң киловатт-саат керектелет. Демек, чай үчүн айына 750 миң киловатт-саат электр энергиясы сарпталат. Бул көрсөткүчтү акчага айландырсак, 1 айда 525 миң сом чай кайнатууга эле кетет.

 

Кондиционер

Кондиционер иштеп жатканда эшик-терезелер жабык турушу шарт. Болбосо ал иштеп чыккан жылуулук же муздак аба сыртка кетип, ага кеткен энергия коромжу болот.

 

Үтүк

Кургак кирди үтүктөө үчүн жогорку температура керектелип, ошончолук көп энергия жумшалат. Андыктан кирди толук кургай элек кезинде үтүктөө – үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолу.

 

Кир жуугуч машина

Кир жуугуч машинада көрсөтүлгөн салмактан ашыкча же кем кир болсо, адаттагыдан 10-15 пайызга көп электр энергиясын сарптайт. Ошондой эле туура эмес программада коюлуп калган учурда ашыкча чыгым 30 пайызга чейин жетет.

 

Кубаттандыруучу түзүлүштөр

Уюлдук телефон, фотоаппарат, ноутбук сыяктуу буюмдарды кубаттандырып бүткөн соң заряддоочу каражаттарды токко сайылган боюнча калтырбаңыз. Себеби бул убакта деле ал электр энергиясын сарптай берет.

 

Чаң соргуч

Чаң соргучтун чаң чогултуучу бөлүгүнүн төрттөн үч бөлүгү толгон кезде анын иштөөсү 40 пайызга төмөндөп, тазалоо иши көпкө созулат. Натыйжада ашыкча электр энергиясы сарпталат. Андыктан анын чаң чогултуучу бөлүгүн жана чыпкалагычтарын тазалап туруу керек.

 

Муздаткыч

-Муздаткычты жылуулук берүүчү мештин жанына, деги эле жылуу жайга коюу туура эмес. Температура 30 градуска жеткен бөлмөдөгү муздаткычтын энергия сарптоосу эки эселенет. Муздаткычка жылуу тамак-аштарды муздагандан кийин салуу керек.

-Муздаткычтагы катмарланып пайда болгон музду тазалап турбаса, азыктардын муздашын жайлатат да, энергияны көп жумшайт.

 

Электр плитасы

-Электр плитасынын көзүнүн көлөмүнө туура келген идиштерде тамак бышыруу керек. Анын көзүнөн кичирээк идиш болсо, анда электр энергиясынын 5-10 пайызы текке кетет. Ал эми казан колдонсоңуз, бул көрсөткүч 40-60 пайызга жетет.

-Тамак бат бышсын деп катуу кайнатуу жана ташып кетпесин деп капкакты ачып коюу туура эмес. Анткени суу 100 градустан ашык кайнабайт, болгону, бууга айлана баштайт. Ал эми муну менен тамактын бышуу убактысын 20-30 пайызга узартып жиберет да, энергияны коромжу кылат. Андыктан капкакты жаап, жай отко бышыруу туура.

 

САТЫП АЛУУДА

 

Тиричилик техникалары энергияны үнөмдүү сарптоосу боюнча латын тамгалары менен белгиленет. Эң үнөмдүүлөр А++, А+, А деп белгиленсе, көп сарптагандар B, C, D, E, F, G деп жогорулап кетет. Электр лампасынын эки түрү бар. Алардын бири – зымдын жардамы менен иштөөчү лампа. Ал эми экинчиси – зым менен иштөөчү, лампага караганда жарык берүүсү жогору жана энергияны 5 эсе аз коротуучу люминесценттик лампа (энергияны үнөмдөөчү лампа). Люминесценттик лампа орто эсеп менен 10 миң саат кызмат кылса, зым менен иштөөчү лампа, болгону, 1,5 миң саатка гана кызмат көрсөтүүгө жарайт.