Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусу

Бүгүн, 17-августта президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу облусунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Пархат Турдуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу облусунун маданий-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланды. Өлкө башчы эки тараптын мындан аркы достук, тыгыз байланыштагы кызматташуу мамилелери маанилүү экендигин билдирди. Өз кезегинде Пархат Турду президентке Кызыл-Суу-Кыргыз облусунун социалдык-экономикалык абалы жана облустун 60 жылдыгын белгилөөгө болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди.

 

Kg Kytai Ksuu 1 Kg Kytai Ksuu 2 Kg Kytai Ksuu 3