«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына згөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Нурланбек Азыгалиев.


Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдеринин, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу зарылчылыгынан улам келип чыккан жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыгып, демилгеленип жатат.


Мамлекет тарабынан берилген социалдык кепилдиктерге ылайык, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу.


Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү