Тажикстанда этникалык кыргыздар Кыргызстандын окуу жайларына сынак тапшырышты

Тажикстанда этникалык кыргыздар Кыргызстандын окуу жайларына сынак тапшырышты

Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 2022-2023-окуу жылына этникалык кыргыздарды кабыл алуу сынагы аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.


Душанбедеги сынака Тажикстандын Мургаб, Лахш (Жерге-Тал) райондорунан жана Согд облусунан абитуриенттер катышышты. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга 75 орун ажыраткан. Булардын арасынан Өзбекстанга – 30, Тажикстанга – 25, Түркияга – 10, Казакстанга – 5, Кытайда жашаган кыргыздарга беш квота бөлүнгөн.


Баса, этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия өлкөлөрүндө жан сакташат. Буларга жыл сайын жогорку окуу жайларга квота берилет. Ушул тапта Кыргызстанда канча этникалык студент бар экени тууралуу так маалымат жок.