КАРА-БАЛТА: Мургаб кыргыздарынын фестивалы (сүрөт/видео)

2024-жылдын 27-28-29 февраль күндөрү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жана колдоо максатында Сары-Кол (Мургаб) кыргыздарынын "МЕН КӨЧМӨНДӨР УРПАГЫМЫН" аттуу улуттук этно-маданий көргөзмөсү чоң денгелде болуп өттү.


Этно-маданий көргөзмөдө Сары-Кол (Мургаб) кыргыздарынын кол өнөрчүлүгү, тарыхы, маданияты, жазма маданияты, сүрөт өнөрү, уз-чеберчилиги, улуттук кийимдери, улуттук тамак-ашы, ордо оюну жана турмуш тиричилик буюмдары көрсөтүлдү Ошондой этно-маданий көргөзмөдө этномода уюштурулуп, концерттик программалар тартууланды. Иш-чарага көптөгөн кол өнөрчүлөр, дизайнерлер катышты.


Иш чара Кыргыз Республикасында жашап жаткан Сары-Колдук кыргыздар тарабынан өткөрүлуп, иш чарага атайын коноктор катышды. Иш чарада фуршет уюштурулуп катышуучуларга чай берилди.



 


Көргөзмө жана шахмат, ашык оюндары


 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены