Кыргызстан менен Тажикстандын депутаттары чек арада жолугушуу өткөрөт

Төрага Асылбек Жээнбеков 2-апрель күнү Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Баарлашуу жүрүшүндө төрага жаңы дайындалган элчиге ийгиликтерди каалоо менен, эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген кыргыз-тажик кызматташтык мамилеринин жогорку деңгээлине оң баасын берди. Белгиленгендей, 2013-жылы өки өлкөнүн парламент төрагалары баш болгон депутаттык топтору кыргыз-тажик чек ара аймактарынын биринде болору күтүлүүдө. Тараптар бул жолугушуу эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, өнүктүрүүгө, чек ара кызматташтыгына жаңы дем берет деген пикирге келишти.