Эми кыргыз жарандары Тажикстандын аймагында каттоосуз 60 күн жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары эми Тажикстандын аймагында каттоосуз 60 күн жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мурун Кыргызстандын жарандары Тажикстандын ИИМинен 3 күндүн ичинде атайын каттоодон өтүш керек болсо, эми каттоонун кереги жок.