Тажикстан менен Афганстандагы этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирилди (сүрөт)

Тажикстан менен Афганстандагы этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирилди (сүрөт)

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусуна жана Афганстандагы Улуу, Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Ага ылайык, гуманитардык жүк өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жөнөтүлгөн.


4-октябрдан 16-октябрга чейин ӨКМ, ТИМ, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнөн турган гуманитардык экспедиция Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусуна, Афганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын эки тоннага жакын партиясын жеткирген.


"Кыргызстандан барган педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдор үч күн ичинде 600дөн ашык жергиликтүү тургунду медициналык кароодон өткөрүп, дарылашкан. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды пайдалануу боюнча окуу өткөрүлгөнү кошумчаланды.

 

 1 1
 1 2  1 3
 1 4  1 5
 1 6  1 8