Диний кастыкты козутту деп шектелип жаткан журналисттин соту жылды

Диний кастыкты козутту деп шектелип жаткан журналисттин соту жылды

“Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан" деп күнөөлөнүп жаткан кыргыз журналисти Зулпукар Сапановдун сот иши анын жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу китептин автору, журналист Зулпукар Сапанов өзү “Азаттыкка” билдирди.

 

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Алгачкы процесс 5-июлда өткөн. Акыркы соттук отурумда прокурорлор журналистти 6 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Журналист болсо китепке көз карандысыз эксперттер талдоо жүргүзбөгөнүн айтып, бул айыптоолорду “акылга сыйгыс” деп атап келет.

 

Зулпукар Сапановго каршы кылмыш ишти Кыргызстандык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети козгоп, тергөө жүргүзгөн.