Бала кез

Бала кез
Бала кез атыр жыттуу, гүл бураган,
Бала кез айлап-жылдап зымыраган.
Бактылуу балалыкты мен ойлосом,
Бактымды жоготконсуп тим туралбайм.

 

Бала кез тоону, ташты койбой чуркап,
Басчы элек жетелешип кошо ырдап.
Бах чиркин, өкүнгөндөн эмне пайда,
Байкоосуз өтүп кеткен айлап-жылдап.

 

Картайып чачтар буурул, бет тырышпай,
Каап жаштык бир орундан жылбас болсо.
Кыркта да жаш баладай бир кулпуруп,
Bala kez 2Жаш жүрөк жагалданып кайра толсо.

 

Бала кез жылдыз жаңы көрүнгөндөй,
Байкабай өткөрүпмүн көңүл бөлбөй.
Ааламда кымбат нерсе бар бекен дейм,
Зымырап өтүп жаткан өмүрлөрдөй.

 

                          Халил Мурзахматов

                          Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.