Улуттук баалуулуктардын сактоочуусу Айчүрөк Жанботоева

Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндө жердешибиз Жанботоева Айчүрөк, апасы Айдарова Бүбүрабиядан калган улуттук кийимдерди, саймаларды, таар, өрмөк, шырдактарды, сөйкө, шуру мончок, билерик, кемер кур жана башка көптөгөн баалуу буюмдарды кырк жылдай убакыт бою аздектеп сактап келет.


А.Жанботоеванын апасы Бүбүрабия Айдарова 1985-жылы төрөттөн 38-жашында каза болгон. Бул баалуу буюмдар ал кишинин энеси Марзия деген байбичеден калган экен. Апасынын көзү өткөндөн бери көптөгөн жылдар өтсө да сандык толо баалуу буюмдарды жоготпой сактап келген Айчүрөк Жанботоева ыраазычылык билдиребиз. Сактоо демек жаратуу !


 

Акын Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук брикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены