Дүйнөнүн чокусунда комуз чапкан уста

Дүйнөнүн чокусунда комуз чапкан уста

Биз сөз кыла турган өнөрлүү инсан Турдукулов Каландар кыргыз элине таандык үч кыл комуздарды жана темир ооз комуздарды жасап жалпы Сары-Кол (Чыгыш-Памир ) элине тартуулап келген. К.Турдукулов 1932-жылы Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндөгү Ак-Суу жергесинин Көк-Ичеги жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Улуту кыргыз, уруусу найман.


Каландар агабыз Мургап жергесинде чоңоюп, орто мектепти бүтүргөн, андан соң Дүйшөмбү шаарында жогорку окуу жайында (финансы кредит бөлүмүндө) окуган, аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап келгенден кийин Мургаб Районунда каржы бөлүмүндө башкы жетекчи болуп эмгектенген.


Каландар агабыз атасынан калган устачылык өнөрүн улантып кыргыз комузун, ооз комуз, ар түрдүү статуэткаларды, жана башка жыгачтан жасалуучу кооз буюмдарды жасаган. Бул инсандын колунан жаралган комуздар жана ооз комуздар бүгүнкү күнгө чейин эл арасында колдонулуп жана сакталып келет. Бул өнөрлүү инсандын касиеттүү өнөрүн жаңы муундар улайт деп үмүттөнөбүз.

Каландар агабыз 2019-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

d-in-n-n-chokusunda-komuz-chapkan-usta 6
d-in-n-n-chokusunda-komuz-chapkan-usta 2 d-in-n-n-chokusunda-komuz-chapkan-usta 3
d-in-n-n-chokusunda-komuz-chapkan-usta 4 d-in-n-n-chokusunda-komuz-chapkan-usta 5

 

Акын Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук брикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены