Быйыл 75 этникалык кыргыз КР ЖОЖдорунда акысыз окуй алышат

Быйыл 75 этникалык кыргыз КР ЖОЖдорунда акысыз окуй алышат

2024-2025-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, квота алуу үчүн сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары (этникалык кыргыздар) катыша алышат.


Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.


"Компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 22-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.


Министрликтен кошумчалашкандай, конкурстук программа боюнча кошумча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996 (312) 625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.