Токтобек Камаров "Сенин сүйүүң меникиден ак болчу"

Токтобек Камаров "Сенин сүйүүң меникиден ак болчу"

Кайгы тартпа азап салсам башыңа,

Болгон жокмун түгөй болуп кашыңа.

Кечир гүлүм кечир мени өтүнүч.

Ыйлабачы татыксызмын жашыңа.

 

Кечир гүлүм кантип барам батынып,

Айта албайм жан дүйнөмдү ачынып.

Жашап келем амалы жок денизде,

Кусалыкты көөдөнүмө жашырып.

 

Атаганат өмүр өтөт кун өтөт,

Ой кемеси ойкуп кайкып жүдөтөт.

Кусалыкка толгон мерез жүрөгүм,

Мына ээми сенсиз жалгыз жыл өтөт.

 

Аткарчуусун ар бир айткан шартымды,

Билбептирмин кадырынды баркынды.

Кечир гүлүм сен бактылуу боло көр,

Мен жашаймын ичке жутуп дартымды.

 

Биз жүргөндө көңүлүн да шат болчу,

Тарынычын кызганычын бат болчу.

Мага болгон ааруу таза сезимиң,

Сенин сүйүүң меникинен ак болчу.

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.