МЕРГЕНДЕР

МЕРГЕНДЕР

Саатын чыңгыраганынан үнүнөн ойгонуп кеткен Сапар

- Тур, ээй тур деймин

- Саат канча болду

- Саат үч жарым

Чай ичип жөнөйбүз жеткичек бир убак болот, билесиң кар көп, карды чамдап басканга эле, эки саат убакыт кетет деп, ордунан Сапар козголуп, сыртты карай бет алды. Бакыт болсо турууга ышыгып,түндүн таттуу уйкусунан куру калганына маанайы чөгүңкү ордунан араң козголду.


Сапар сырттан кирип кар дагы жаап баштаптыр, иттер не тынбай үрөт десем жалгыз бөрү келген окшойт, ачкалыктан короону айланчыктайтта бечара деп күндө айланчыктап жүргөн карышкырга боору ачып кеткенин билдиргендей печканын үстүндө турган чайнекти алып жатып, аялына ак чайби, курут эзген жоксуңбу деген катар- катар суроо узатып жиберди?...


- Курут печканын алдыр жагында, кайнап кетип курчуп калбасын алып койдум деп, аялы Бермет эмчектеги баласын таптап жатып уйку-соонун арасында араң эле жооп кайтарды.


Чайды чоң эки касага куйуп нандан чылап, топоздун мешке майыдан жарым кашыктан салып, кострюлдагы курттан дагы эки кесеге толтура куйуп ага дагы топоздун сары майыдан салып койду.


Бакытта сырттан кирип кар бир аз басаңдап калган окшойт чай ичип болгучакты басылып калар, бирок шамал чыгыптыр борошо болбосо эле деп, күбүрөнүп дасторкондун четине отура кетти. Чай ичилип бүткөн соң, ууга камдаган нан, аркардын кара куурмасын, көкөөргө куйулган курутту артына асына турган баштыкка салып, мылтыктарын асынып сыртты көздөй чыгып жөнөштү. Сырта бир аз бороон, уңулдап шамалдын добушу гана тоодо жаңырып шуу-шуу этип угулат, экөө биринин артынан бири түшүп белгилүү боз кырга жол тартып, үмүттү кадам шилтеп кетип жатты.


Таң атканга дагы бир сааттан ашык убакыт бар, эптеп боз кырдын бетине жетишип алса болду, андан кийин таң атса аркарларды көрүп өңүтө жолун макулдашып алмакчы. Үнсүз кызыл ашыктан өйдө жааган карды жиреп кадам шилтеп, бут баскан кардын гана кырт-кырт эткен добушу угулат. Таң сүрүлүп, айлана билинер-билинбес кулан өөк атып тээ өйдө жактагы тоонун башы көзгө урунуп калган убакта боз кырдын этегине жетип.


- Бакыт сөз баштап калды жыт оң кудай буйруса ушул бойунча турса жыт оң болуп берсе ээ деп.


- Ооба,буйруса эптеп тээтиги порчук ташка жетсек таң жакшы атып калат, эрте күндү кеч кылбай тездетип басалы деп кадамын арыштап жөнөп кетип баратылар. Уфф,ох, ох, ооххх түтөк ай түтөк боз кырдын түтөгү. Бакыт гудуранып артта келе жатты. Көздөгөн порчук ташкада жеттилер. Сапар дүрбүнүн, дүрбүн салгыч кабынан алып, Седек ашуунун сыртынан баштап карап жатып бир топ аркар жатат отко тура элек экен деп, дүрбүнүн жылдырып, оо нары жактан Туз-Жылгадан дагы бир топ аркар ылдый карап чубап келе жатат, сен көрдүңбү деп Бакытка суроо узатайын дегенде эле, Бакыт тээ өйдө жактада төрт гулжа жатат бирок өңүттө экен, эми сиз мерген кандай десеңиз мен макулмун деп көкүрөк чөнтөгүнөн чылымын алып тутантып, ыкшып- ыкшып, башындагы тумагын оозуна кармап кайберендер угуп алат дегенсип быкшып жөтөлүп жатты.


Сапар кичинекей жалпак таштын четине отуруп жаттып, эми экөөбүз эки бөлүнүп өңүттөйбүз, сен тээ ылдый түшүп тээтиги уч менен сап өйдө өңүттөп келе бер, мен болсо бул жагы менен айланып мойнокту тосойун сен атканга жетишип калсаң жакшы болот эле аа үка деп далысына таптап, кой үка мен жөнөдүм, сен күтө тур мен белги бергенде сенда жөнөйсуң деп өйдө карай басып жөнөдү.


Сапар акырын сап өйдө карай басып,улам барган сайын бийиктеп бир-бир артына кылчайып карап койуп, кудум асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу сезимдин кучагында баратты. Анда- санда дүрбүнү менен кетип жаткан саптын ылдый жагын, өйдө жагын карап-карап койуп кетип жатты, кокустан оттогону жайылган кийиктер чыга калып жүрбөсүн дегенсип.


Садагаң кетейин Сары-колум, жараткан бизди ушул тоонун арасына жашообузду буйруп, ушул тоолордун арасына тукум улатып, болгондода кыргыз жана мусулман кылып жашоо кечиртип койгонуна, чеги жок шүгүр айтсак болот, биз үчүн тоо жаныбарлары аркар-кулжаны, эчки-текени атып же кармап жесин деп буйруп койгонун, оо мурун аталарыбыз "карамылтык" -деген курал менен ууга чыкса, биз андан алда күчтүү, мезгилдин талабына ылайык "пырсылдак" менен же башка куралдар менен кайберендердин артынан сая кууп жүрөбүз, ойго чөмүлүп кеткен Сапар жетер жерине жеткенин ой менен болуп баамдабайда калыптыр,катарынан кынапталы кат-кат болгон эки бийигиреек келген арасы бир метрдей болгон туруктардын ортосунан чыкса болду атууга жетет.


Бакытта Сапар айткан учтан өйдө карай барып дөңсөөнүн сыртынан акмалап, дүрбүн карайынчы деп Сапардын сапка жеткен-жетпегенин билүү үчүн акырын эңкейп бүгжүңдөп басып баратты өтүгүнүн кончуна кирген кардыда байкабай өңүттүн кызыгына батып. Сапар көрүнбөйт дагы бир аз өйдө чыкса өңүткө жетерин билет. Эмне кыларын билбей Сапардын белги беришин чыдамсыздык менен күтүп жатты.


Саналуу мүнөттөрдө Сапар атууга жетет, мылтыгын октоп эгер жайылуу болсо дагы эки үч атууга жетишем деген ойдо катары менен тизмектетип окторду салааларына кымчып, акырын шек алдырбай боору менен жылып жөнөдү.


Беш метрдей жылып алса болду атууга жетет Сапар, калганы буйругандай болот. Эч нерседен капары жок кайберендер кээси оттоп, кээси жуушап адам баласынын алар үчүн ажал алып келери менен иши жоктой өздөрүнө тийешелүү ырыскысын отоодо. Сапар башын өйдө кылып артын салып турган гулжанын сыртын көрүп башкасын көрбөй жатты,кайра артына жылып бет маңдайындагы таштан акмалап Бакыт жакка дүрбү салып анында чыдамы кетип жатканын сезип колун өйдө көтөрүп бас дегендей белги кылып,кайра баягы ордуна жылып акмалап жатты.


Бакыт, Сапардын белги берээрин дүрбүндөн көзүн албай тиктеп дүрбүнүн көзү буу болуп дембе-дем арчып койот, аяздын илебинен ооз-мурундан чыккан буу дүрбүнүн көзүн буулап андан бетер кыжалаттантат. Эмнеси болсода тобокелге салып алдында турган борошолоп уюп калган кашагадан чыкса алда атууга жетет, көздөгөн жерине жетип мылтыгын октоп, оттоп турган аркарлардын арасында жашамал болгон чоң субай аркарды меелеп татыр колтукка туштап атып жиберди "тарс"- эткен добуштан аркарлар топтоло түшүп, ок жаңылган аркар ордунда кулап түштү, шаштысы кеткен аркарлар Сапар аңдып жаткан жакка чогулуп качып калды. Бакыт ордунан туруп, жатып калган аркарга карап басыгын тездетип жетип барып белине байланган бычакты сууруп алып мууздап жатты.

 

Качып бараткан топ кийик ойдуң жерге жашырынып кетип Бакытка көрүнбөйт, аркарды мууздап болуп шаша-буша дүрбүнүн алып карап жатты кайсыл жакка кетти болду экен кудай жалгап, Сапар ака аңдып олтурган сапка карай жол алса жакшы болмок деп кудайдан тилеп жатты, бир убакта аркарлар чубап тизилип Сапар акмалап турган сапка кетип баратты, кээде токтоп арт жакты кылчайып карап, кээде дүр этип үркүп сапка жетип калды, Сапарда Бакыттын олжосуна кубанып бир аз жылсам менда атууга жетишем деп баягы эки туруктун ортосуна жылып жетти,ал аңгыча аркарлардын туяктарынан чыккан добуш угулуп таштардын шарактаганы билинип, ажалдан качып кутулгандай болуп эч капарсыз аркарлардын тобу саптан кылайып чыгып келе жатты. Сапар менен аркарлардын арасы алтымыш-жетимиш метирдей аралыкта, дагы бир аз жакындаса Сапарда атууга жетишет "тарс,тарс,тарс" октор биринин артынан бири учуп чыгып жатты эч нерсе билинбейт топ аркарлар саптан ылдый шар этип, атылган октун зарпынан тездикте качып баратты, бирөөсүнө ок тийбей баары аман- эсен.


Сапар аркарлар ашкан сапка чуркаган абалда чыгып, дүрбүнүн алып карап эч дайыны жок, наркы бет маңдай жактагы тоонун бетине барып, аркарлар Сапар отурган жакты карап ажалдан кутулгандарына, баары түгөл экенине ишенип- ишенбей жатышты, айбанда болсо бирин-бири карап жоктоп жаткандай сезилет, танолорунан чыккан буу, энтигип дем алгандары даана көрүнүп турду. Сапар эмнеден жаңылдым,жакшы эле аткандай болдум же кароолду туура эмес койдумбу деп мылтыгын кароолун караса эле, пай, паааай кароолу жүз элүү деген белгиге жылып калыптыр, кароолун бир карап койбоптур мына жаңылыш, мына эси жоктук??..
Мергенчиликтин бир арманы ушул, эмне кылат айла жок?. Ыйлап жиберейин деп барып, өзүн өзү жемелеп маанайы чөгүп кайра артына карап жол алды.

 

Бакыт, Сапар ака деле бир экини аткан болуш керек деп үмүттөнүп, дүрбүнү Сапар ашып кеткен сапка көзүн албай карап жатты. Бир убакта Сапардын карааны саптан көрүнүп олжосуз кайтканы, басканынан билип жаты. Бакыт аркардын кардын жара тартып, ичеги-карынын алып ылдый көздөй тартып жөнөдү, карда жылмышып (чана кеткендей болуп) аркардын денеси ылдый карап шуу этип жөнөп кетти, артынан кошо чуркап Бакыт олжолу болгонуна сүйүнүп, артында келе жаткан Сапарга карап койот. Буйруган олжону экөө тең бөлүп кыл арканга тизип асынма кылып кайра үйдү көздөй жол тартып келе жатты, күн кыска болгондуктан кайра түн, жымыңдаган жылдыздар, күн чайыттай ачылып ызгаар суук бет менен колду каарып баратат, бирок баскан адамга анчалык таасир бербейт калың кийингендиктен, дене бой үшүбөйт, кол менен бет эле үшүбөсө. Сапар жол ката арманын айтып кейип-кепшип келе жатты, эки караан узагандан-узап караандары көрүнбөй калды.
Сарыколдогу мергендердин бир эле күндүк өтүмүшү, далай кызыктуу,далай армандуу, мергендер үчүн мындан арттык жашоодогу кызыкчылык жоктой сезилет.

 

Убайдилда Шаимов

Мургаб району

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.