Өкмөт Памир кыргыздарынын эмнеге сентябрда келбей калганын түшүндүрдү

Өкмөт Памир кыргыздарынын эмнеге сентябрда келбей калганын түшүндүрдү

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет.

 

Кыргызстанга сентябрь айында алып келине турган памирлик боордоштордун сапары эмнеге кармалып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрүп берди.

 

 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында Афганистандын Памириндеги кыргыздар Нарынга көчүрүлүп келери айтылган. Бирок кийинчерээк көчүрүү иштери сентябрь айына жылганы маалымдалган.

 

"Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү иштеринин токтоп калышына эки себеп бар. Учурда мекендештерибиз жайлоодон түшө элек экен. Экинчиден Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы Пяндж дарыясынын деңгээлинин көтөрүлүп кетиши унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратууда. Октябрь айында суу азайса көчүрүү иштери башталат", — деди маалымат кызматы.

 

Мамлекеттик миграция кызматы буга чейин Улуу жана Кичи Памирде жашаган, тагыраагы, Афганистандын Бадахшан аймагындагы жети жаштан 30 жашка чейинки 30 адамды Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүрүп жаткандыгын кабарлаган эле.

 

Алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң чакырым бийиктикте жашап көнүп калгандыктан, алгач Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагына отурукташтырылары айтылган.

 

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде сегиз айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

 

Буга чейин Кыргызстандан Памирге төрт жолу экспедиция жиберилип, гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены