Памирлик кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр

Памирлик кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр

9-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов "Памирдеги кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр" деп билдирди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

 

Берилген маалыматка ылайык, кечээ, 9-мартта облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен жолугушту. Жолугушууда А.Кайыпов памирлик кыргыздардын маселеси акимдер менен талкууланып, аларды колдоого алуу менен тийиштүү жардам берилерин айтты.

 

Миграция кызматынын билдирүүсүндө, бир канча жылдан бери памирлик кыргыздарга жылына экспедиция уюштурулуп, керектүү азык-түлүк, дары-дармектер жеткирилип келет. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, этникалык кыргыздардын жаш балдарынын ден соолугуна кам көрүү жана сабатсыздыгын жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүү максатында Ооган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Макулдашуулардын негизинде памир кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалган. Алардын басымдуу бөлүгү 6 жаштан 30 жашка чейинки жашоочулар. Учурда документтерин тактоо иштери жүрүүдө.

 

"Памирлик кыргыздар деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктен жогору жакта жашагандыктан, алар адаптация алгыча республиканын тоолуу аймагы болгон Нарын облусуна алынып келинип, 2 ай аралыгында медициналык көзөмөлдө болот. Андан соң алардын жергиликтүү шарттарга көнүүсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн экиден үй-бүлөнү облустун ар бир районуна жайгаштыруу боюнча дагы деталдуу сүйлөшүүлөр болот. Кыргызстанга келүүчү памирликтердин жаш өзгөчөлүктөрү ар башка болгону менен, сабатсыздыгы бирдей. Андыктан өкмөттүн атайын тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын программа иштелип чыккан", - деп жазылат маалыматта.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены