Эки дос 50 жылдан соң табышты (видео)

Эки дос 50 жылдан соң табышты  (видео)

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң минтип табышып, катышып кеткендер көп.

 

Гезитибиздин өткөн сандарындагы «Издейм сени» рубрикабызга «памирлик Азис Сейитбеков аттуу теңтушумду издейм» деп Жумакадыр Ордобаев аттуу 82 жаштагы аксакал кат жазган эле. Аксакалдын тилеги ишке ашып, гезитибиз аркылуу 50 жылдан бери жолуга элек теңтушун таап, экөө жолугушуптур.


Анан биздин эмгек жамаатка ыраазычылыктарын билдирип коёлу деп экөө ээрчишип редакциябызга келишиптир. Алгач ЖУМАКАДЫР аксакал сөзүн мындайча баштады:

 

– 1960-жылы Тажик Республикасына караштуу Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыздар жашаган Мургаб районунун Токтомуш айылындагы Киров атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенип калдым. Ошол убакта мына бул Азис 10-классты бүтүп, жаңыдан мугалим болуп иштеп келген жигит эле. Жакшы күндөрдү баштан өткөрүп, ынтымактуу достордон болуп калганбыз. Кийин мен ден соолугума байланыштуу Нарынга которулуп кетип, экөөбүз ошол бойдон жолукпай калдык. Бир күнү силердин гезитти окуп отуруп ушул теңтушум эсиме түшүп, таап каламбы деген үмүт менен кат жаздым. Көп өтпөй эле шаардагы уулумдун үйүндө «Супер-Инфо» окуп отурсам, менин катым гезит бетине чыгып калыптыр. Ошол эле күнү кечинде Азис телефон чалды. Биз телефондон сүйлөшүп, эртеси «Ош базарынын» жанынан жолукмакчы болдук. Азис Сокулукка көчүп келип, ошол жакта турат экен. Экөөбүз жолугуп, кучакташып учурашып жатсак, элдин баары «бул эмне болгон абышкалар?» дешти окшойт, таңыркап бизди карашат. Анан үйгө барып тамак жеп, шашпай ал-жай сурашып отурдук. Андан соң мен Нарындан байбичемди ээрчитип келип, бул досум менен тааныштырдым. Кийин Азистин байбичеси менен таанышып, үйүнө барып конок болдук. Ошол жерден сүйлөшүп отуруп, бизди табыштырган «Супер-Инфо» гезитине рахмат айтып коёлу деп кеңешип, минтип чогуу келип калдык.

 

Андан соң жанында отурган АЗИС СЕЙИТБЕКОВ аксакал да кепке аралашты:

 

– Мен Нарын десе кичинекей элестетип, Нарындан киши келсе эле «Жумакадыр Ордобаев деген мугалимди тааныйсыңбы?» деп сурай берер элем. Ошентип жүрүп бири-бирибизди унуткарып калдык. Бир күнү эле кудам телефон чалып «ой, сизди издеген бир киши бар экен, мен «Супер-Инфодон» окуп калдым» деди. Ал кишиден телефон номерин алып, чалып сүйлөштүк. Ал түнү таң атканча кубанганымдан уктабай чыктым. Анан минтип жолуктук. Гезитке кабар чыккан соң бир айга жакын тааныштарым «сени издеп жатыптыр» деп телефон чалып жүрүштү. Ушинтип табышып, көңүлүбүз көтөрүлүп калды. Силерге чоң рахмат! Көптөн бери жолуга элек досуң менен жолугуп, ал-жай сурап, чай ичишкенге не жетсин?!

 

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз. Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 47-43-43


Тагдыр


комментарии

Админ

Админ

Среда, 15 Апреля 2015 10:14

Ушул макаланын аягыда ИСТОЧНИК деген жерде ссылка бар ошону бассаңыз болот.

Жазгуль

Вторник, 14 Апреля 2015 23:23

Кечиресиздер адашкан болсом. Супер инфонун сайтына кандай кирсем болот айтып койсонуздар сонун болмок. Рахмат

Админ

Админ

Воскресенье, 12 Апреля 2015 06:16

Жазгуль айым сиз кичине адашыпсыз. Бул Сары-кол сайтынын баракчасы, сиз Супер Инфонун сайтына да кирип жазып койсонуз жакшы болор эле.

Жазгуль

Воскресенье, 12 Апреля 2015 02:08

Саламатсыздарбы Супер Инфо гезититнин жалпы жамааты. Мен 2000-жылы 19 апрелде туулган Тентимишов Арлен деген баланы издеп келем. Арлен Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда жайгашкан Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборунун тарбиялануучусу болчу. 2010-жылдан бери кабарым жок. Мен озум ошол жерде тарбиячы болуп иштегем. Мени Арлендин кийинки тагдыры ойлондуруп,издеп келем.

Админ

Админ

Пятница, 24 Мая 2013 14:56

Молодец Азиз жезде ! Ошончо жылдан кийин достор бирин бири издеп. Чыныгы достор !

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены