Өзүңүздүн бааңызды көтөрчү 10 ыкма

Өзүңүздүн бааңызды көтөрчү 10 ыкма

1. Кемчилдигиңиз жана артыкчылыгыңыз менен өзүңүздү кандай болсоңуз ошондой кабыл алышыңыз зарыл.

 

2. Өзүңүздү бирөө менен салыштырганды токтотуңуз. Албетте, салыштырсаңыз болот бирок өзүңүз менен, сиз бир күн, бир ай же бир жыл мурдакы мезгилиңиздеги. Эгерде сиз бүгүн кечээгиден сулуу болсоңуз бул эң жакшы, алга жылыш бар. Мисалы, бир жыл мурун сиз машина мингенди билбейт элеңиз, а бүгүн сиз машинаны Михаэль Шумахердей айдап калгансыз. Же жарым жыл мурда кийип жүргөн жинсыңыздын өлчөмүнөн эки размер кичине жинсы кийгенди ойлонбойт дагы элеңиз. Сиз бүгүн адаттагыдан жарым саатка эрте турганыңыз өзү чоң жеңиш.

 

3. Комплименттерди канышадай кабыл алууну үйрөнүңүз. Эч кандай «коюңузчууу, бул жөн эле жакшы түшүп калган сүрөтүм!» жана башка ушундай тентек сөздөрдуздү токтотуңуз.

 

4. Комплименттерге ылайыктуу болуңуз! Өзүңүздүн келбетиңизге көңүлүңүздү буруңуз. Ар бир адамдын өзгөчөлөнгөн сулуулугу болот. Ички жана сырткы сулуулукту көрсөткөнгө аракет кылыңыз. Сырткы сулуулугуңуз анча болбосо да, таза, жарашыктуу кийинген болсоңуз, калганын ички сулуулугуңуз менен көрсөтүңүз.

 

5. Келбетиңизди турганда, олтурганда, басканда түз алып жүрүңүз. Бүкүрөйгөнгө, мурдуңузду чүйрүгөнгө жол бербеңиз. Ооба, бул үчүн көп эрк жана өздүк талап керек. Бирок ар бир нерсенин өзүнүн кыйынчылыгы бар, аракет кылсак баары болот.

 

6. Өзүңүздүн үнүңүздү диктафонго жаздырыңыз. Кандай сүйлөгөнүңүздү эми угуңуз. Сөзүңүздүн аягын жутуп коюп, түшүнүксүз акырын өзүңүзгө ишенбегендей сүйлөп жатасызбы? Тилиңиздин тактыгын оңдоңуз! Так жана токтоо жакшы ниетүү сүйлөгөндү үйрөнүңүз.

 

7. Өзүңүзгө көбүрөөк маани берип, жайы келсе, эркелетип караңыз. Акчаны өзүңүз үчүн аябаңыз. Керектүү нерсени каалоону жана алууну үйрөнүңүз.

 

8. Сүрдүү адамдар менен олтурганда, сүрдөбөй баарлашып, алардын жакшы жактарын үлгү кылып алсаңыз болот. Эгерде сиз алар менен сүйлөшүп, алардын тажырыйбаларын колдонгону даяр болсоңуз, демек сиз жеңишке жетүүнүн жарым жолун басып өттүңүз.

 

9. «ЖОК» - деп, сылык бирок, жетерлик айтууну үйрөнүңүз. Бирөөнү жок деп капа кылып коем деп коркпоңуз. Өзүнүн кызыкчылыгын кыла алган адамды- башкалар да сыйлайт.

 

10. Жөн эле өзүңүздү сүйүңүз. Ар тараптуу жетишкен адам бул жарыкта жок. Ар бир адамдын жашоодогу тажрыйбасынын арасында сиздики да – баасы чексиз уникалдуу. Ошондуктан өзүңүздүн жолуңуздан чыкпай катаңызды оңдогондон коркпоңуз.