Телефон менен сүйлөшүүнүн этикасы

Телефон менен сүйлөшүүнүн этикасы

1 Телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда анын келбети көрүнбөгөндүктөн бул жерде үн бир топ маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан баарлашып жаткан адамыңызга үнүңүздү болушунча жумшак, жылуу чыгарганга аракеттениңиз. Мындай кадам ортодогу пикир алышууну бир топ жеңилдетип, жеңил жагдай жаратат.

 

2 Алгач эле телефон чалганда албетте учурашуудан баштайбыз. "Кутмандуу таңыңыз, кечиңиз менен" деген сөздөрдү жөн гана "Саламатсызбы?" деген жөнөкөй, сылык сөз менен алмаштырганыңыз бир топ оңтойлуу болот. Телефон менен маанилүү маалымат айтып жатканда (өзгөчө дата, дарек, белгилүү бир цифраларды) колдон келишинче жайыраактан айтканыңыз туура. Анткени байланыштын ары жагындагы адам сиздин айткандарыңызга түшүнбөй кайра-кайра суроо салуусу, ортодогу ыңгайсыз паузаны жаратат.

 

3 Аябай зарыл иштериңиз менен чалып, бирок керектүү адамыңызды таппай калсаңыз өзүңүздүн ким экениңизди, каяктан, эмне маселе боюнча тынчын алып жатканыңызды так, кыска жана нуска түшүндүрүп койгонуңуз оң. Албетте өзүңүздүн телефонуңузду, дарегиңизди калтырууну унутпаңыз.

 

4 Эгерде сиз жыйналышта отурсаңыз же болбосо маанилүү жумуштарыңызды талкуулап жаткан болсоңуз уюлдук телефонуңузду өчүрүп койгондон өтөөрү жок. Жумуштагы телефонуңузга байланышса кечирим сурап, сүйлөшүүнү бош убактыңызга тууралап жылдырсаңыз маданияттуулукка жатат. Ал эми маңдайыңызда отурган адамдар менен болгон маегиңизди шарт токтотуп, телефон менен кызуу сүйлөшүү таптакыр туура эмес.

 

5 Телефон чырылдаганда дароо алып жооп берүү керек Эгер өзүңүз телефондун жанында отурчу адамга чалсаңыз, ал 3-4 чырылдаганга чейин көтөрбөсө, демек ал чыгып кеткен же зарыл иш менен колу бошобой жаткан, бул убакта коё туруу зарыл. Ал эми бирөөнүн үйүнө чалсаңыз 6-7 жолу чырылдаганча күтө туруңуз, себеби ал бир жумуш менен алек болуп же ашканада жүрүп жетише албай калышы мүмкүн.

 

6 Эгер кандайдыр бир номерди так биле албасаңыз… Жаңылыш башка номерди терип алсаңыз "Сиздин номериңиз кандай?", "Мен кайда түшүп калдым?" деген өңдүү аңкоо суроолоруңуз орунсуз экенин түшүнсөңүз керек. Ал суроолор өтө жагымсыз угулуу менен өзүңүздүн маданиятсыздыгыңызды көрсөтөсүз.

 

7 Эгер бирөөгө телефон чалсаңыз же сизге ал чалса, трубканы алаарыңыз менен "ким бул?" деген суроону эч качан, эч убакта бербеңиз. Анткени трубканын ары жагынан да, бери жагынан да бул суроо аябай орой угулат. Мунун ордуна "Сизге кандай жардам бере алам" деген кичипейилдик менен узаткан сурооңуз бир топ кулакка жагымдуу угулат.

 

8 Сөзүңүздү жыйынтыктап, негизи этика боюнча маекти биринчи чалган адам бүтүрүшү туура, коштошоордо алган маалыматтарыңызды бир сыйра тактап алып, "убактыңызды бөлгөнүңүзгө ырахмат" деген фразаны колдонгонуңуз абзел.