Спирт ичимдиктерин туура ичүүнү билесизби

Спирт ичимдиктерин туура ичүүнү билесизби

* Спирт ичимдигин ичээрдин алдында майлуу нерседен бир-эки сугунуп алыңыз. Чийки жумуртканы же болбосо бир кашык өсүмдүк майын ичип алсаңыз да болот. Булар организмдин алкоголду сиңирүүсүнө тоскоол болот.

 

* Ичээрден мурун бир кружка жалбыз кошулган коюу чай же лимон кошулган кофе ичип алыңыз. * Ичүүнү таттуу винодон, шампандан же коньяктан баштабаңыз.

 

* Ичилген ар бир рюмкадан кийин бир нерсе жеп туруңуз. Картошка, нан, туздалган капустадан көбү­рөөк жеңиз.

 

* Ичкенден кийин желүүчү эң жакшы нерсе – лимон.

 

* Көп ичкен болсоңуз, суук күндөрү таза абага чыкпаңыз. Болбосо мастыгыңыз күчөп, эмне кылганыңызды билбей калууга чейин барышыңыз мүмкүн.

 

* Кызуу кезиңизде тамекини азыраак чегиңиз. Тамеки мастыгыңызды 1,5-2 эсе күчөтүп жиберет.

 

* Минерал суусун көбүрөөк ичиңиз. Ушул эле минерал суусуна кесилген лимон кошуп ичүү мастыгыңыздын тарашына жакшы таасирин тийгизет.

 

* Ичкендин эртеси башыңыз ооруп турганда канчалык каалабай турсаңыз да, эшикке чыгып сейилдеп келүүгө аракет жасаңыз. Таза абадан терең-терең дем алсаңыз, бул зат алмашууну ылдамдатып, өзүңүзгө келүүгө жардамын тийгизет.