Сиз билесизби...

Сиз билесизби...

Музыка жана нерв системасы

Музыка адамга оң таасирин тийгизип, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт. Бирок, өтө узакка же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Өтө катуу коюлган ачуу музыканын чуру-чуудан эмне айырмасы бар. Катуу чуу адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусу аркылуу эрте жетет. Мындай жагдайга айрыкча нерви начар жана жүрөк оорулуулар чыдай алышпайт. Оңой менен уктай албай уктап кеткенде дагы улам ойгонуп, жаман түш көрүп, кыйналып таң атырат.

 

Чачты фен менен кургатуу зыян

Көпчүлүгүбүз көп учурда бир жакка шашып же чач жасалгалоодо фендин жардамын колдонобуз. Бирок, ошол эле учурда анын пайдасынан зыяны бар экенин этибарга ала бербейбиз. Анткени, фенден чыккан ысык аба биринчиден баштын терисин кургатып күйгүзсө, экинчиден чачты тердетип майланыштырат. Ушул нерселерди эске алып жуулган суу чачты жайдын күнү да, кыштын күнү жөнөкөй эле жол менен кургаткандан өтөөрү жок. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш чачты суу боюнча кайра-кайра тарай берүү туура эмес, себеби суу кезинде тараганда чач үзүлүп түшө берет.

 

Күлкү ден соолуктун мүлкү

Бул сөздө ашыкча апыртуу жок. Америкалык психолог Ульем Фрей адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү да андан кем эмес талап кылаары анык. 20 секунддук күлкү 3 минуталык гимнастикага тете келип, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртаарын аныктаган. Адамдын курсагынын, ийининин, моюнунун жана жүзүнүн булчуңдары жакшы иштейт. Демек, сиз да күнүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн күлкү менен өткөзгөнгө аракеттениңиз.

 

Жаш баланын тили тез чыксын десеңиз…

Эненин мээримдүү үнү балага биринчи күндөн баштап эле жакшы таасир көрсөтөт. Ошон үчүн энесинин үнүн угаар замат бала үн салып баштайт. Балага төрт-беш айынан баштап, ар кандай оюнчуктарды көрсөтүп кызыктыруу керек. Бир аз чоңоюп калганда кооз сүрөттүү китептерди ачып көрсөтүп, андагы куштардын, айбанаттардын үнүн туурап окуп көндүрүш керек. Кийинчерээк өзүнө да тиги сүрөттөгүлөрдү тууратуу жакшы натыйжа берет. Врачтардын айтуусу боюнча бала канчалык жандуу болуп, гимнастика ойноп, кыймылды көп жасаса, ошончолук тили тез чыгат. Себеби ойноо, көнүгүү жасоо менен колунан, башынан мээге импульстары өтүп, анын сүйлөөнү башкаруучу зонасынын ишин активдештирет.