Самсакана ачуу (видео)

Самсакана ачуу (видео)

“Ак эмгек майды чайнатат...” дегендей, бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп каларың бышык. Бүгүн сиздерге самса бизнеси менен эки жылдан бери алектенип, анын сырын жакшы билип калган Наабат Сырдыбаевден маалымат сунуштайбыз. Бул иштен түшкөн пайда канча? Көппү же азбы, карап көрөлү.

 

 ТАНДЫР САМСА

 

Самса жасап сатуу үчүн анын кандай түрүн даярдайбыз, алгач мына ошону аныктап алуу керек. Наабат мырза самсаны тандырга бышырылуучу, уйдун этинен даярдалган пармуда түрүн жасап келет экен. Бул чакан самсаканада күнүнө 150 даана самса чыгат. Эми алгачкы кадамды самсаканага кеткен чыгымдардан баштасак.

 

Чыгымдар:
Бышырууга жана сатууга коомдук жайдан орун үчүн ижара акысы 15 миң сомду (1 айга) түзөт.

 

Бир күндө 150 самса даярдоого керектелүүчү азыктар Камырга:
10 килограмм ун – 152 сом (1 кап ун 760 сомдон алынат)
200 грамм өсүмдүк майы – 20 сом (1 литри 100 сомдон алынат)
8 даана жумуртка – 28 сом (1 даанасы 3,5 сомдон дүңүнөн алынат)
300 грамм туз – 6 сом (1 килограммы 20 сомдон)
Суу – 4-5 литр

Жалпы – 204 сом (1 айда 6120 сом)

 

Фаршка:
4 килограмм эт – 1200 сом (уйдун сулп этинин 1 килограммы 300 сомдон алынат)
3 килограмм ич май – 450 сом (уйдун ич майынын 1 килограммы 150 сомдон)
6 килограмм пияз – 180 сом (1 килограммы 20 сомдон)
200 грамм туз – 4 сом (1 килограммы 20 сомдон)
200 грамм кара мурч – 36 сом (1 килограммы 180 сомдон)
200 грамм зире – 56 сом (1 килограммы 280 сомдон)

Жалпы – 1926 сом (1 айда 57 780 сом)

 

Бышырууга:
12 килограмм көмүр – 112 сом (1 кап “Кара-Кеченин” көмүрү 450 сомдон)

Жалпы – 112 сом (1 айда 3360 сом)

 

Жумушчулардын эмгек акысы:
Сатуучуга күнүнө 200 сом, ал эми самса жасаган адамга 750 сом (1 даана самсага 5 сом) төлөнөт.

Жалпы – 950 сом (1 айда 28 500 сом)

 

Ошондо бир күндө 150 самса чыгарууга жалпысынан 3192 сомду түзгөн каражат сарпталат (1 айда 95 760 сом). Мында 1 даана самсаны чыгарууга 21 сом 28 тыйын жумшалат. Ал эми кардарларга 1 даана самса 30 сомдон сатылып, 150 даана самсадан күнүнө 4500 сом пайда түшөт (1 айда 135 000 сом). Эми жалпы чыгаша жана таза киреше канча болорун билүү үчүн бир айга эсептөө зарыл. Күнүнө 150 даана самса чыгарылса, ал бир айда 4500 даана самсаны түзөт.

 

Самсага сарпталуучу жалпы каражат – 95 760 сом
Ижара акысы – 15 000 сом
Жалпы чыгым – 110760 сом
Киреше – 135 000 сом

135 000–110760=24 240 сом таза киреше

 

Самсакананы ачууга тандыр керек. Ичинин сыйымдуулугу 100 даана самсалык тандыр 4000 сом турат.

 

 

 

КАТТАМА САМСА

 

Ал эми учурда көпчүлүк тандырдын ордуна микротолкундуу мешти колдонуп, каттама самса жасап сатып келишет. Жогорудагы тандыр самсасын эсептегендей мунун да чыгаша жана кирешесин эсептеп көрөлү. Мында 1 килограмм ундан 25 даана самса даярдалат. Эмесе, биз 150 самса деп алалы.

 

Чыгымдар:
Бышырууга жана сатууга коомдук жайдан орун үчүн ижара акысы 1 айга 5000 сомду түзөт .

Бир күндө 150 самса даярдоого керектелүүчү азыктар Камырга:
6 килограмм ун – 91 сом (1 кап ун 760 сомдон алынат)
900 грамм каймак май – 202 сом (1 килограммы 225 сомдон алынат)
6 даана жумуртка – 21 сом (1 даанасы 3,5 сомдон дүңүнөн алынат)
300 грамм туз – 6 сом (1 килограммы 20 сомдон)
Суу – 1,8 литр

Жалпы – 320 сом (1 айда 9600 сом)

 

Фаршка:
6 килограмм эт – 1800 сом (уйдун 1 килограмм сулп эти 300 сомдон алынат)
1,2 килограмм ич май – 180 сом (уйдун 1 килограмм ич майы 150 сомдон)
6 килограмм пияз – 180 сом (1 килограммы 20 сомдон)
200 грамм туз – 4 сом (1 килограммы 20 сомдон)
200 грамм кара мурч – 36 сом (1 килограммы 180 сомдон)

Жалпы – 2200 сом (1 айда 66 000 сом)

 

Бышырууга:
Мында самсаны бышырууга микротолкундуу меш колдонулгандыктан, электр энергиясына кеткен чыгымды эсептейбиз. Бир салганда 20 даана самса баткан 1200 ваттык меш саатына 1,2 кВт электр тогун сарптайт. Ал эми самса 25 мүнөттө бышат. 150 самса бышырууга 7,5 саат жана 9 кВт/саат электр тогу жумшалат. Мында 1 кВт электр жарыгы ишканалар үчүн 1,32 сомдон каралган. Ошондо меш үчүн 11,88 сом кетсе, мындан сырткары лампа жана суу ысытууну кошкондо жалпысынан күнүнө 15 сомдун тегерегиндеги акча сарпталат (1айга 450 сом).

 

Жумушчулардын эмгек акысы:
Сатуучуга күнүнө 200 сом, ал эми самса жасаган адамга 300 сом төлөнөт.

Жалпы – 500 сом (1 айда 15 000 сом)

Ошондо бир күндө 150 самса чыгарууга жалпысынан 3020 сом акча каражаты сарпталат (1 айда 90 600 сом). Мында 1 даана самсаны чыгарууга 20 сом 13 тыйын жумшалса, ал эми кардарлага 1 даана самса 25 сомдон сатылып, 150 даана самсадан күнүнө 3750 сом пайда түшөт (1 айда 112 500 сом). Эми жалпы чыгаша жана таза киреше канча болорун билүү үчүн бир айга эсептөө зарыл. Күнүнө 150 даана самса чыгарылса, ал бир айда 4500 даана самсаны түзөт.

 

Самсага сарпталуучу жалпы каражат – 90 820 сом

Ижара акысы – 5 000 сом

Жалпы чыгым – 95 600 сом

Киреше – 112 500 сом

112 500–95 600=16 900 сом таза киреше