Кыялдануу - жакшы жашоого жетелейт...

Кыялдануу - жакшы жашоого жетелейт...

Туулган күндө тортту кескенде, жаңы-жылда саат 12ни какканда тилек айтабыз. Алтургай кээде кыялдар жазылган кагазды өрттөп, шампанга салып ичип ийебиз. Бирок, ошол таттуу кыялдар орундалбаса, өзөктө бир таарыныч пайда болоору чын. Бул баарыбызга тааныш кырдаал. Баардыгы өз орду менен аткарылыш үчүн алгач туура кыялданганды үйрөнүү керектигин психологдор айтышат... Кичинесинде кыялкеч келген адамдар кийин ааламга аты чыккан адамдар болгону эле, кыялдар орундаларынан кабар берет. Келгиле, биз алгач туура кыялданганды үйрөнөлү.

Өзүңдү уга билүү

Көпчүлүк учурда биз өзүбүз каалабаган нерсени эле көпчүлүккө кошулуп каалай берет экенбиз. Кыялдангандын башаты балалыкка кайрылуу. Анүчүн сиз кичинеңизде ким болгуңуз келгенин, кандай чөйрөдө чоңойгонуңузду, кимге окшошкуңуз келгенин ж.б. баарын элестетиңиз. Ошол кыялдарыңыздын кайсынысы ишке ашып, кайсынысы ашпай калганын эстеңиз. Эгерде кичинеңизде (эркектер) чоң камаздуу же (кыздар) мамалактуу болууну эңсеп, бирок, ал кыялыңыз кандайдыр бир себептер менен аткарылбай калган болсо, түз эле дүкөнгө же базарга жөнөп, сатып алыңыз. Жандүйнөдөгү "бала" сөзсүз туура жолго салат.

 

Максатты туура коюу

Алдыга койгон максатты да туура аныктап туруп, анан кыялдануу керек. Мисалы, сиз "көп акча табышым керек" деп кыялдандыңыз. Ал акчаны таап атасыз, бирок, ошол акчалар беш манжадан тез куюлуп кетип жатат. Же болбосо "испан тилин үйрөнөм" деп максат койдуңуз дейли, үйрөндүңүз, бирок ал тил менен эч ким менен баарлашпай элесиз. Андыктан, "акчаны тапкандан кийин кайда жумшайм?" же "испан тили менен ким менен сүйлөшөм?" деп максаттын да келечегин аныктап алып туруп, ишке ашырганыңыз оң.

 

Мээдеги "вирустардан" арылуу

Кыялдануудагы негизги нерсе - ишеним. Ишеним болмоюн кыялдар орундалбайт. Эч качан "менин эле жолум жок", "кеч болуп кетти" деген мээдеги тескери ойду алып салыңыз. Мындай ишенимсиз ойлор кыял үчүн өтө коркунучтуу.

 

Ашыкчаны ыргытуу

Майда-чүйдөнүн баарын ойлоно бербей, масштабдуу ойлонгонго өтүңүз. Бирок, масштабдуу десе, масштабдуу бир нече ойлорду мээге камтып албаңыз. Себеби. глобалдуу кыялдар дароо аткарылбайт. Андыктан, "баарын азыр кылам" деген ачкөздүктөн алыс болуп, масштабдуу, анан бирден кыялданыңыз. Натыйжада, сөзсүз ошол кыял орундалганын элестетиңиз.

 

Чыдамкай болуу

Кыялдар ишке ашкыча ар кандай убакыт талап кылынат. Ак баракка жазып койгонуңуз жакшы болот. Анан аткарылганын улам белгилей бересиз. Бекеринен "баарын таза барактан баштайлычы" деп айтылбайт. Кыялдар ишке ашкыча улам баракты ачып, карай бербей же "качан аткарылат?" деп наалый бербей, чыдамкай болуңуз. Чыдамкайлык ийгиликти жаратат. Эң башкысы, таза ойлонуңуз. Кыялдардын ичинде бирөөгө кыянаттык самоо болбосун...

 

"Бул мүмкүн эмес" дейт экен
Себеп.
"Мындан пайда жок" дейт экен
Тажрыйба.
"Бул акылсыз иш" дейт экен
Намыс.
Бир гана Кыял "Байкап көр" деп шыбырайт экен...