Кубат берүүчү азыктар

Кубат берүүчү азыктар

Кубат берүүчү азыктарга албетте белок, углевод жана майларга бай азыктар кирет. Өлчөмүнө жеткире тамактанбаган адамдын шайы кетип, башы ооруп, кыйналып жүрө бериши мүмкүн.

 

Ал азыктарга төмөнкүлөр кирет:

Майлар: Өсүмдүк майы, сары май, каймак жана башка курамында май кездешкен сүт азыктары кирет.
Майлуу азыктар: Эт, зайтун майы, жаңгак, жер жаңгак жана башкалар кирет.
Өсүмдүк уруктары: ашкабак уруктары, коон уруктары, күнжүт, күн карама уруктары кирет. Белокторго абдан бай болгондуктан, жаңгак менен өсүмдүк уруктары дененин өсүшүнө жардам берүүчү азыктар катары абдан баалуу.

 

Негизги азыктар

Негизги азыктарга турмушта абдан көп пайдалануучу азыктар кирет.

Дан азыктары: буудай, курүч, жүгөрү, таару ж.б.
Крахмалдуу тамырлар: кабакча, картошка. Крахмалдуу мөмө жемиштер: банан, алмурут, жүзүм, курма ж.б.дан азыктары темирге, белокко жана витаминдерге бай келгендиги үчүн организмге абдан керектүү. Айрыкча, өсүп жаткан дене үчүн пайдалуу азыктардын катарына кирет. Өсүп жаткан организм үчүн керектүү болгон белоктор Бул белокторго бай азыктарды, жаш балдарга күндө берип туруу керек. Ал бир гана денени чыңабастан ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө да жардам берет.
Саадактуулар: аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык.
Жаңгактар: жер жаңгак, грек жаңгагы, бадам, мисте ж.б. данектүүлөр кирет.
Өсүмдүк уруктары: күнжүттүн, күн караманын.
Жаныбардан алынган азыктар: сүт азыктары, жумуртка, балык, тоок эти ж.б.
Денени коргоочу азыктар: витаминдер жана минералдар. Жалпысынан алганда аларга, кочкул-жашыл жалбырактуу өсүмдүктөр кирет: помидор, сабиз, ашкабак, кызылча, капуста, пияз, сарымсак кирет. Ошондой эле мөмө жемиштер: алма, өрүк, алмурут, шабдалы, апельсин ж.б. Ар түрдүү өсүмдүк азыктарын жегенге аракет кылуу керек. Анткени, табийгат адам ден соолугу үчүн ылайыкташып жаралган. Ден соолук үчүн абдан пайдалуу жана денени ар түрдүү белок, витамин жана минералдар менен камсыз кыла алышат.

 

Витаминдерди, минералдарды жана белокторду арзан баада көбүрөөк алуу боюнча кеңештер

 

1.Эненин сүтү. Ымыркайдын ден соолугу чың болуш үчүн э? пайдалуу жана арзан берилүүчү азык катары эсептелет. Эне канчалык деңгээлде туура тамактанса, бала да ошончолук азыктуу заттар менен камсыз болот. Ошондуктан, ымыркайды эрте эле эмчектен чыгарып салуу туура эмес.

 

2.Жумуртка жана тоок эти. Көптөгөн аймактарда жаныбарлардан алынуучу белоктордун эң арзаны жана пайдалуусу. Аны жакшылап бышырып ымыркайга да берсе болот. Шартка байланыштуу үй канаттууларын багуу ашыкча болбойт. Жумуртка кабыгын жакшылап кайнатып, майдалап, тамакка кошуп азыктанса, денеге чыккан жараны, булчуңу тырышса жана бош тиштерге дары катарында абдан пайдалуу.

 

3.Боор, жүрөк, бөйрөк жана кан - белок, витамин жана темирге абдан бай келет. Этке салыштырмалуу жогорудагы мүчө-лөрдү өтө арзан баада алууга болот.

 

4.Аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык. Саадактуулар белокко бай келет, баасы да арзан. Бул азыктар жаңыдан өнө баштаганда витаминдерге абдан бай болот. Аш буурчакты жакшылап бышырып, электен өткөзүп, ымыркайга да берсе болот.

 

5.Кочкул жашыл жалбырактуу жер-жемиштер. Курамында бир аз темир, белок жана бир топ "А" витамини бар.

 

6.Жашылча - жемиштерге, күрүчкө жана башка өсүмдүктөргө сууну аз куюп, бышыруу туура болот. Анткени, алардын курамындагы организмге бай заттар көбүрөөк сакталып калат. Ал азыктар кайнатып бышырылган сууну да ичүү абдан пайдалуу.

 

7.Жапайы мөмө жемиштер "С" витаминине жана табийгый кантка бай келет. Алар адамга кошумча кубат берип, денени керектүү азыктар менен камсыз кылат.

 

8.Темир кесиндиси салып бышырылган тамак-анемияга дары болот. Лимонго мыкты сайып, ширесин суусундук кылып ичсе да каназдыкка пайдалуу. Ал эми карачай ордуна көк чай ичкен туура. Себеби, көк чай организмди тазалоочу суюктук.

 

Витаминдерди кайдан алса болот?

Түрдүү тамак ичип, мөмө - жемиштер жана жашылча - жемиштер менен азыктанган адам организмин керектүү витаминдерге тойгуза алат. Курамында витаминдер бар таблеткаларды, денеге сайма дарыларды же сиропторду колдонгондон көрө жакшылап эле аш болумдуу тамак-аш менен азыктанган оң. Эгер, витаминдерге муктаж болуп жатсаңыз азыктардан гана алууну унутпаңыз. Таблетка жана денеге сайылуучу витаминдүү дары-дармектердин организмге зыяндуу тараптары да болушу мүмкүн.