Кимге эмне белек кылуу керек?

Кимге эмне белек кылуу керек?

"Эмне белек кылсам?" деген суроо ар бирибиздин башыбызга келген. Жаңы идеялар башыбызга келбейт, эскисинен тажаганбыз. Андыктан, белекти кимге, кайсы учурда туура тандоону сунуштайбыз:

 

Аялга

Урматтуу эркектер, аялдар - кыялкеч, назик жандар. Андыктан, үтүк, көмөчтан белек кылуунун кереги жок. Сүйүктүү жубайыңызга оригиналдуу, романтикалуу белектерди тартуулаңыз: зер буюмдарын, кымбат атыр, эс алууга жолдомо... Ошондой эле гүл тууралуу эч качан унутпаңыз.

Күйоого

Күйөөңүздүн туулган күнү же майрамы болгондо белекти өзү тандоосун сунуш кылсаңыз болот, бирок, романтикалуу белек тандоосуна жол көрсөтүңүз. Же болбосо шам алдындагы романтикалуу кечки тамак уюштуруп, экөөңүздөрдүн сүрөтүңүздөрдү бир буюмга, мисалы, футболкага, кружкага түшүрүп берсеңиз болот.

 

Бийкечке

Эгер сиздер бирге иштесеңиздер же окусаңыздар, окуусуна, жумушуна керектүү бир нерсе белек кылсаңыз болот. Бирок, бырышка каршы крем, какачты кетирүүчү шампунь белек кылсаңыз, бийкечиңизди таарынтып алышыңыз мүмкүн.

 

Жигитке

Варианттар көп. Колчатыр, фонарик, шарф, машинанын айнегине ар кандай оюнчуктар, сүрөт үчүн кооз рамка...

 

Жетекчиге

Жетекчиге келгенде белекти этиеттик менен тандоо зарыл. Эч кандай косметика, кийим бул адамга ылайык эмес, баары официалдуу, олуттуу болууга тийиш. Мисалы, концелярдык буюмдар, саат, картина, ваза...

 

Балага

Албетте, оюнчук, таттуу, модалуу кийим, кызыктуу китеп жана диск. Эң негизгиси, берген белегиңиз жаш курагына туура келип, кооптуу болбоого тийиш.

 

Доско

Ар бир адамдын өзүнүн жеке сапатына жараша белек тандоо - эң жакшы вариант. Мисалы, балык уулоону сүйгөн досуңузду бул тууралуу кызыктуу китеп, кайырмак сүйүндүрүшү мүмкүн, пиво сүйүүчү досуңузду - кооз пиво куйган кружка, эгер досуңуз футболдун фанаты болсо, аны сүйүктүү командасынын сүрөтү чагылдырылган компьютердин мышкасынын астына койгон килемче кайдыгер калтырбайт.

 

Курбуга

Канчалык кымбат болсо да косметика белек кылуу сунушталбайт. Помада, крем, атыр сыяктуу буюмдарды аялдын өзүнүн тандаганы оң.

 

Апага

Апабызды ар бирибиз кандайдыр бир жагымдуу белек менен кубантууну каалайбыз. Бирок, улуу муундагы адамдарга белек тандоо жөнөкөй эмес. Энелерге үй тиричилигине керектүү буюмдар туура келет. Мисалы, кооз дасторкон, шейшеп, ашканага илүүгө ылайыктуу картина. Эсиңизде болсун, медициналык буюмдарды белек кылуу менен анын картайып баратканын, ден-соолугунун чың эместигин эсине салып коёсуз. Андыктан, аларды тартуулоонун кереги жок.

 

Атага

Үйдүн кожоюнуна олуттуу белек берүү зарыл. Бул адам үчүн жаңы нерсе ойлоп табуунун кереги жок, салтка айланып калган болсо да саат, сувенир, картина - аталарга ылайыктуу белек.