Заманбап “тез жардам” автоунаасы белекке берилди

Заманбап “тез жардам” автоунаасы белекке берилди

Акыркы мезгилде районубузда жакшылыктуу жаңылыктар көбөйгөнүнө көңүл кубанат. Бул жолу борборубуздун саламаттыкты сактоо борборуна заманбап “тез жардам” автоунаасы берилди.

 

Аны Душанбе шаарына барып, Саламаттыкты сактоо министирлиги аркылуу алып келген КАТСтын менеджери Абдыманап Таштанбеков төмөнкүлөрдү билдирди: “Эске сала кетсек, өткөн жылы районубузга расмий сапар менен Индия мамлекетинин элчиси zamanbap-tez-zhardam 2келип, райондун жетекчилиги, райондун төрагасы М. Жоошбаев менен жолугушуп кеткен. Ошол баарлашууда саламаттыкты сактоо боюнча да кээ бир пикир алышуулар болуп, төрагабыз тарабынан бул маселеге көңүл бурулгандыгы учурда бизди кубандырып отурат. Автоунаа түз эле заводдон, тез жардам үчүн бардык тиешелүү меджабдыктар менен жабдылып келди. Бейтаптарга тиешелүү тез жардам көрсөтүүгө байланыштуу иштерибиздин сапаты да, деңгээли да жакшырат деген үмүттөбүз. Мындай, биздин көйгөйүбүздү чечип берген адамдарга, анын ичинде Индия элчилигине, төрагабыз М. Жоошбаевге, Саламаттыкты сактоо министирлигине жана өлкө башчыларыбызга ыраазычылык билдиребиз! Ырас, акыркы жылдарда Мургаб районуна, анын ичинде саламаттыкты сактоо маселесине Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу урматтуу Президентибиз Эмомали Рахмон жана өлкө Өкмөтү, областын төрагасы Шодихон Жамшед жана райондук өкмөттүн төрагасы Мурзабай Жоошбаев тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканына баарыбыз күбөбүз. Ылайым, элибизде жакшылыктар боло берсин!

 

«САРЫКОЛ»-пресс.

www.sary-kol.ru